Башкы беткеСаясат жана коомКоомИИМ Интерпол менен кызматташтыкты кеңейтет

ИИМ Интерпол менен кызматташтыкты кеңейтет

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Интерполдун президенти, генерал-майор Ахмед Насер Аль-Раиси менен жолугушту.

Тараптардын жолугушуусу министрдин Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Жолугушууда укук коргоо тармагында эл аралык кызматташтыкты бекемдөө, трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүү жана КР Ички иштер министрлиги менен Эл аралык кылмыш полиция уюмунун (Интерпол) ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

«Белгилүү болгондой, 1996-жылы Кыргызстан Интерполдун мүчөсү болуп, Интерполдун Улуттук бюросун түзгөн.Ошол жылдар аралыгында биздин өлкө эл аралык полиция коомчулугунда татыктуу орунду ээлеп, оперативдүү мүмкүнчүлүктөрдү бекемдеди жана эл аралык кылмыштуулук менен күрөшүүдө өнөктөштүктүн географиясын кеңейтти», — деди Ниязбеков.

Иш-чаранын жүрүшүндө акыркы беш жылда Кыргызстан дүйнөлүк коопсуздук рейтингинде өзүнүн позициясын бекемдегени баса белгиленди.

Чет мамлекеттердин укук коргоо органдары, КР ИИМ кызматкерлери менен кызматташуунун аркасында Интерпол линиясы боюнча оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн эл аралык кылмышкерлерди кармоо жүргүзүлдү.

Жолугушуунун соңунда тараптар ыкчам маалымат алмашуунун жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин билдиришти.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар