Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы жыйыны болуп өттү.
2026-жылы Бишкек шаарында өтө турган ШКУ саммитин жана Көчмөндөр оюндарынын ачылышын жогорку деңгээлде уюштуруу максатында Президент Садыр Жапаров жалпы координация жана даярдык иштерин Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге тапшырды.
Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу комитетинин курамы бекитилип, ага уюштуруу, протокол жана башка даярдык иш-чараларын камтыган негизги планды түзүү милдети жүктөлдү.
Мындан тышкары, комитет төрагасы тиешелүү министрликтерге жана мекемелерге коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу, меймандостуктун жогорку деңгээлин көрсөтүү, зарыл болгон инфраструктураны өз убагында куруу жана жаңыртуу боюнча тапшырмаларды берди.
Иш-чаралардын ийгиликтүү өткөрүлүшү Кыргызстанды эл аралык аренада дагы бир жолу таанытуучу маанилүү кадам катары белгиленди.

