Элдик дипломатия жана жалпы адамзаттык руханий интеграция

 Редакциядан: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 2021-жылы 12-ноябрда Стамбул шаарында өткөн саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Президент Садыр Жапаров “Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы” платформасын түзүү идеясын сунуштаган. Улут лидери С. Жапаровдун Түрк мамлекеттеринин чоң жыйынында көтөргөн “Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы” идеясынын тарыхый контекстин, саясий, дипломатиялык, экономикалык жана маданий-гуманитардык жагдайларын акыл калчап, терең талдап чыгуу зарыл. Бул бир топ саясий-дипломатиялык иш чараларды кучагына ала турган чоң милдет, интеллектуалдык түйшүк. Ошондой иштердин бири катары адегенде Кыргызстанда илимий-практикалык конференцияларды, кеңешмелерди өтүп, күн тартибин жана маселелерди аныктап, тактап, андан соң Борбор Азия өлкөлөрүнүн, эл аралык жана регионалдык уюмдардын (ШКУ, ТМУ ж.б.) өкүлдөрү катышкан чоң форумда кенен талкуулап, орток программа түзүп, мамлекет башчыларынын саммитине сунуштоо керек деген ойдобуз. Президентке караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту, Улуттук илимдер академиясы жана “Кыргыз жолу” руханий коомунун демилгеси менен Бишкек шаарында өткөн II Эл аралык руханий форумда жасалган ушул докладдын айрым жоболору жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” көздөгөн иштерге үндөш болгондуктан, докладды жарыялап отурабыз.

       Элдик дипломатия жана жалпы адамзаттык руханий интеграция тууралуу сөз баштаардан мурда, Борбор Азияда жаңы ишеним архитектурасын түзүүнү маанилүү факт катары баса белгилегим келет.

Бул жаатта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана анын үзөңгүлөштөрүнүн, так айтканда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин салымы зор болду. БА лидерлери мунасага келип, өз ара тил табышып, чек ара маселелерин тынчтык жол менен  чечүүгө жетише алышкандыгы дүйнөлүк тарыхый процесстин өнүгүү дөнгөлөгүн оң жолго бурду. Алар мамлекеттик чек араларды тактоо сыяктуу татаал маселелерди чечүүдө саясий эрк менен чечкиндүүлүктү көрсөтүштү. Кээ бир сырткы күчтөрдүн чейрек кылым бою калк жыш жайгашкан Фергана өрөөнүнө согуш отун тутантууга болгон аракети таш капты. БА лидерлери региондо  тынчтыкты сактап гана калбастан, чырлуу маселе болгон чек араны да тынчтык жол менен чечип, бүйүр кызыткан талаштуу маселелерге чекит коюшту. Натыйжада аярлуу маселелер жөнгө салынып, дүйнөдө аймактык коопсуздукту бекемдеген маанилүү прецедент түзүлдү.

Коопсуздук деген — бул ишеним түзө билүү. Борбор Азия элдеринин тарыхы жана маданий мурастары менен бирге, биздин  руханий бийиктигибиз болгон «Манас» эпосу да өзүнүн турмуштук миссиясын аткарууга бап келген төрт тарабы төп келген  универсалдуу феномен! Анткени анда адилеттик, айкөлдүк, тынчтык, ынтымак, жаратылышка жандуу мамиле сыяктуу баалуулуктар камтылган.

Бүгүн Кыргызстан мурдагыдан да бекемделип, эл аралык аренада кадыр-баркы өсүп, татыктуу ордун тапты. Кыргыз Республикасы  ШКУдагы төрагалык кезегин алуу менен учур талабына ылайык Президент С.Н. Жапаровдун жакында БУУда сүйлөгөн сөзүндө баса белгилеген эл аралык дипломатия, туруктуу өнүгүү, чек ара, экономикалык кызыкчылыктар жана тынчтык маданиятын калыптандыруу  маселелерин комплекстүү  чечүүдө  Кыргызстан өз салымын кошууга дагы бир кошумча мүмкүнчүлүк алды.

Азыр дүйнөдө тынчтык жана биримдик маселеси курч турганда Борбордук Азия мамлекеттери үлгү болууга жагымдуу шарт түзүлдү.  БА мамлекеттеринин лидерлеринин  быйыл Ташкентте өтө турган консультативдик кеңешмеси сентябрдан белгилүү себептер менен ноябрь айына жылдырылды. (Деги эле ноябрь айларына барып  дүйнөлүк  чыр чатактуу жаралар жарылганы турат…) Андыктан, БА мамлекеттеринин консультативдик кеңешмесинин алдында Фергана өрөөнүндө Биримдик жана тынчтык форумун өткөрүү максатка ылайыктуу болор эле.

Баса белгилеп кетүүчү жагдай,  бул долбоор ашкере саясатташтырылбай, элдик дипломатиянын алкагында, театралдашкан улуттук оюндардын коштоосунда, күзгү түшүм майрамынын штрихтерин колдонуп, турмушка жакын  уюштурулганда таасири жана натыйжасы жакшы болот. Эгемен кыргыз мамлекетибиз дүйнөдө тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты баалаган өлкө катары таанылды. Бишкек болсо дипломатиялык жана гуманитардык демилгелер үчүн бейтарап регионалдык борбор боло алат.

Ал эми өлкөбүздүн баш багытын аныктаган «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолунун ишке кириши — тоңгон музду жарганга, дыңды бузганга тете иш болду. Улуттук менталитетибизге коошпогон чоочун жол бизди бакубатчылыкка жеткирмек эмес. Кеч болсо да адашуунун жолунан кайтып, ата-бабалардын уңгулуу жолуна түшкөнүбүз  чоң олжо болду. Биз бүгүн тез өзгөрүп жаткан дүйнөлөшүү доорунда өз жүзүбүздү сактап гана тим болбостон өнүгүп өсөбүз десек  илим, билим, руханиятка маани берүүбүз абдан зарыл экендигине баарыбыз ынанып турабыз.

Бүгүн биз уңгужолдун алкагында өтүп жаткан  II Эл аралык руханий форумда ушул маселелерди кабыргасынан коюп, талкуулап жатканыбыз да  жөн жерден эмес. Руханий интеграциянын кыймылдаткыч күчү — элдик дипломатияда жатат.

Элдик дипломатия — бул элдер ортосундагы байланыш: маданий, гуманитардык, жаштар, аялдар жана этностор аралык алакалар аркылуу кызматташтыкты бекемдөө жолу. Ал адамдардын жүрөгүндө ишенимди, достукту, түшүнүүнү жаратууга жардам берет. Дипломатияда бул «жумшак күч» деп аталат — башкача айтканда, мамлекет күч колдонбой же экономикалык кысымсыз эле өзүнүн маданиятынын, баалуулуктарынын жана адилеттүү саясатынын жагымдуулугу аркылуу максаттарына жетет.

Борбор Азиянын тамыры тереңге кеткен регионалдык иденттүүлүгү маданият, тил, фольклор, диний ишенимдер аркылуу кошуна мамлекеттер менен алаканы чыңдоо, жалпы мурастарды сактоо, жаштардын жана изилдөөчүлөрдүн тажрыйба алмашуусу процессти тездетип,  интеграциянын ыргагын тездете бермекчи.

Акыркы жылдары билим берүү жаатындагы кызматташтык да өсүп жатат. Мисалы, Кыргызстан менен ªзбекстан эки жолу “Ректорлор форумун” өткөрдү. Ушундай форматтар башка өлкөлөрдө да бар, бирок азырынча эки тараптуу гана деңгээлде. Борбор Азия өлкөлөрүнүн катышуусу менен жалпы “Ректорлор форумун” өткөрүү сунушталат. Бул форум жогорку окуу жайларды бириктирип, жаңы долбоорлорду баштап, артыкчылыктуу тармактар үчүн кадр даярдап, жаштардын дипломатиясы үчүн маанилүү аянтча болот.

Ар бир элдин руханий баалуулуктары бар: сый-урмат, мээрим, сүйүү, ынтымак, достук, чындыкты жактоо. Руханий интеграция — бул ошол баалуулуктарды бөлүшүү, дүйнө элдерин жакындатуу жана бири-бирин түшүнүүгө шарт түзүү. Башкача айтканда, адамзаттын бирдиктүү улуу максатына жетүүдө  жалпы мүдөөлөрдү, муктаждыктарды жана баалуулуктарды ыйык сактаган,  адилет коомду, гуммандуу-шайкеш дүйнөтүзүлүштү калыптандыруу маанилүү.

Элдик дипломатия менен руханий интеграциянын байланышына токтолсок:

  • Элдик дипломатия — руханий интеграциянын иш жүзүндөгү көрүнүшү.
  • Маданият аркылуу түшүнүшүү: музыка, адабият, фольклор элдерди жакындатат.
  • Жаштар — биздин келечек, студенттик жандуу турмуш жана жаштардын жигердүү байланышы интеграцияны чыңдайт.
  • Кыйын кырдаалдарда гуманитардык жардам жана туура маалымат берүү да элдик дипломатиянын маанилүү булагы болуп саналат.

Ушуга таянып, мен бир нече сунушумду билдиргим келет.

Биринчиден, Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы учурунда элдик дипломатияны өнүктүрүп, анын идеяларын кеңири жайылтууга белсенип ишенимдүү киришсе деп эсептейм.

Экинчиден, «Элдик дипломат» сыяктуу сыйлыктарды берип, мыкты демилгелерди коомдук таанууга жеткирсек туура болот.

Үчүнчүдөн, Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө социалдык жана маданий долбоорлорду колдоо аркылуу элдер ортосундагы ишенимди дагы бекемдөөгө мүмкүнчүлүк бар.

Акырында айтарым, келечекте Кыргызстан үчүн да «Түрксой» же «Русский дом» сыяктуу туруктуу маданий-гуманитардык борборду — мисалы, «Кыргыз кызматташтыгы», “Манастөр” — эл аралык илим, билим, руханият борбору форматында туруктуу структура түзүү зарыл деп ойлойм.

Бүгүн дүйнөдө тынчтыкка коркунуч маселеси абдан курч. Ушул шартта элдик дипломатия менен руханий интеграция мамлекеттер ортосунда гана эмес, элдер жана континеттер ортосунда да ишенимди бекемдөөнүн күчтүү булагы боло алат. Элдик дипломатия менен руханий интеграция бул ар бирибиздин ишибиз. Ар кимибиз өз салымын кошо алабыз:

  • маданиятты, тилди, салтты урматтоо аркылуу;
  • чын жүрөктөн байланыш түзүү аркылуу;
  • билим, илим жана маданият аркылуу баарлашуунун айдыңын кеңейтүү.

Жалпы руханий интеграция — бул достуктун, ынтымактын жана тынчтыктын негизи. Элдик дипломатия жандуу иштей баштаганда турмуштук талаптардан улам жигердүүлүк күчөйт, элдердин ортосунда руханий бир туугандык сезим ойгонот. Ажырым эмес, биригүү башталат.

Кыргыз элинин руханий миссиясы күн санап күчүнө кирүүдө. Биримдик жана тынчтык аркылуу гана  илим, билим, руханиятка таянып  бейпил, бакубат коомду кура алабыз!

 

Данияр Сыдыков,

Кыргыз Республикасынын

Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси,

эл аралык маселелер боюнча эксперт

 

Акыркы гезиттер

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн өнүгүүсүнүн азыркы этабына...

Кыргызское ускорение

Источники, пределы, риски        За последние пять лет Кыргызстан прошёл через фазу, которую уместно называть не просто ростом, а ускорением. Среднегодовые темпы увеличения ВВП в 2022–2025 годах превысили...

Каргыш

Матай мырзанын колуна Ак жал күлүк тийгенден баштап, мартабасы артып, батышынан Кетмен-Төбөнүн чынжырлуу манаптары Рыскулбектин уулдары, түндүгүнөн Суусамыр болуштугунун мыктылары, чыгышынан боркемик, чекир саяктын чоң манаптары, түштүк-батышынан...

Жакынкы Чыгыш өрткө чулганды. Кесепети арбын

         Ошентип, ишембиде АКШ менен Израиль Иран Ислам Республикасына абадан кол салды, масштабдуу жана капысынан жасалган жана уланып жаткан бул чабуул «Эпикалык каардануу» операциясы...