Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров ТМУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларын кабыл алды

Садыр Жапаров ТМУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларын кабыл алды

Бүгүн, Президент Садыр Жапаров Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын IV жыйынына катышкан делегация жетекчилерин кабыл алды.

Жолугушууга Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты. Тараптар аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелерин, терроризмге каршы күрөшүү жана киберкоопсуздук боюнча кызматташтыкты талкуулашты.

Садыр Жапаров Кыргызстан төрагалык кылган мезгилде түрк мамлекеттери менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Ал ошондой эле “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040” жана башка маанилүү стратегиялык документтер өлкөлөр ортосундагы биримдикти чыңдоого өбөлгө болгонун белгилеп, чыр-чатактарды дипломатиялык жол менен чечүү маанилүү экенин баса айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында делегация башчылары Кыргызстандын төрагалыгын жогору баалап, түрк мамлекеттеринин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар