Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров менен Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров менен Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Бүгүн, 23-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушууда кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелери жана кызматташтыктын келечеги талкууланды. Айрыкча соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар буга чейин жетишилген макулдашуулардын аткарылышын карап чыгып, аларды натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле регионалдык күн тартибиндеги маселелер жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Владимир Путинди 2026-жылдын 31-августу – 1-сентябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышууга чакырды.

Өз кезегинде Владимир Путин чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Россия тарап интеграциялык бирикмелердин алкагында кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-россиялык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана өз ара аракеттенүүнү бардык багыттар боюнча күчөтүүгө ниеттеш экенин ырасташты.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар