Украина президенти Владимир Зеленский Sky News телеканалына берген маегинде АКШ президенти Дональд Трамп жана Россия президенти Владимир Путин менен жолугушууга даяр экенин айтты. Видеомаек Украина президентинин администрациясынын YouTube-каналында жарыяланды.
Зеленскийдин айтымында, бул демилге Трамптан чыккан. Ал адегенде Зеленский менен Путиндин «бетме-бет пикир алмашуусун», андан кийин жалпы саммит өткөрүүнү сунуш кылган.
«Мен эч кандай шартсыз, эки тараптуу болобу же үч тараптуу болобу, жолугушууга даярмын», — деди Зеленский.
Бирок украин лидери мындай жолугушууну Москвада өткөрүү мүмкүн эместигин билдирген.