whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАкадемик Абдыганы ЭРКЕБАЕВ: "Илим жана адабияттын түрк маданиятында айкалышы"

Академик Абдыганы ЭРКЕБАЕВ: «Илим жана адабияттын түрк маданиятында айкалышы»

     Июнь айынын башында ТҮРКСОЙдун чакыруусу менен Германиянын борбору Берлинде өткөн “Дүйнөлүк илим менен маданиятка түрк салымы” аттуу эл аралык ири илимий жыйынга катышып, “Илим жана адабияттын түрк маданиятында айкалышы” деген темада баяндама жасадым. Төмөндө ошол баяндамамды “Кыргыз Туусу” гезитинин окурмандарына сунуштаймын.
     Жыйынга 5 түрк мамлекетинин расмий элчилери катышып, жалпысынан жандуу, бийик деңгээлде өттү. Анда мурдакы ГДРдин жашоочусу, белгилүү Айтматов таануучу Имре Гучкенин Лейпцигден атайын келип, улуу жазуучубуз жөнүндө сүйлөгөнү мени кубандырды. Анткени анын эмгектерин  СССР убагында орус тилинде окуп жүрчү элем.
     Германияга барганымдан пайдаланып, немис адабиятынын негиз салуучусу, улуу акын, жазуучу, табият таануучу жана герцог И.Г.Гете туулган шаарга барып, Гетенин үйүн, эстелигин көрдүм, аны менен кошо улуу замандаш достору, кесиптештери Шиллер, Гердердин эстеликтерине да таазим эттим.

Германияга келишимдин өзүн жакшылыкка жорудум. Германиянын тарыхын, интеллектуалдык көрөңгөсүн жакшы эле билем деп айта алам. Ал албетте улуу Рим тарыхчысы Тациттин байыркы германдыктар жөнүндөгү атактуу эмгегин окуудан башталган жана М.Л.Кингдин, И.Гердердин, И.Канттын, Г.Ф.Гегелдин, Гетенин, Маркстын, Ницщенин классикалык изилдөөлөрүн өздөштүрүү менен бекемделген. Мен үчүн ХХ-ХХI кылымдардын атактуу философтору К.Ясперс, М.Хайдеггер, Э.Фромм,  Ю.Хабермас да (ал мына азыр да 95 жашында эмгектенүүдө) терең ойлуу, өрнөктүү илимпоздор. Кыскасы, Германия Реформация доорунан бери протестантизмдин, жандуу, мыкты соода-сатыктын, өнөр жайдын, илимдин, өнөрдүн дүркүрөгөн очокторунун бири болуп келгени талашсыз.

Ошону менен бирге Германиянын тарыхында көлөкө жактар, оор сабак алчу согуштар аз эмес болгонун унутпайбыз. Аларды атайлап айтпасак да, философиялык жактан кездешкен бир чоң калпыстыкты көздөн жаздырганыбыз жарабас деп ойлойм. Кеп улуу Гегелдин “Тарых философиясы” жөнүндө. Эсиңиздерде болсо керек, ал эмгекте адамзаттын тарыхы философиялык талдоодон өткөрүлүп, чыгыш элдери илимге, философияга анча жөндөмдүү эмес, рухтун бийиктиги, өнүгүштүн жеткен чеги немистерге, өзгөчө прусстарга гана мүнөздүү деген көз караш ырааттуу жүргүзүлөт. Кудай жалгап, анын ушундай европоцентристтик бир беткей пикирин ХIХ-ХХ кылымдын көрүнүктүү башка окумуштуу тарыхчылары, философтору Я.Буркхард, О.Шпенглер, А.Тойнби, Ф.Бродель жана башкалар төгүндөштү.

Мусулман араб илим-билимин, маданиятын, адабияты менен филологиясын туура, калыс талдап билүүдө Адам Мецтин (швейцариялык окумуштуу) мындан жүз жыл мурда (1922-ж.) жарык көргөн “Мусулман Ренессансы” аттуу капиталдык эмгегинин мааниси зор болгон. А бир кылымдан соң анын чыйырын улантып, кеңейтип, тереңдетип америкалык профессорлор Стивен Фредерик Старр “Жоготулган агартуу. Борбор Азиянын араб багынтуусунан Тамерланга чейинки алтын доору” (2017), Адиб Халид “Борбор Азия империялар кылымынан азыркы күнгө чейин”, (2024), англичан окумуштуулар Питер Франкопан “Жибек жолу. Кездемелер, кулдар, идеялар жана диндер жолу” (2017) Джеймс Поскетт “Илимдин батыштык эмес тарыхы. Биз билбеген ачылыштар”  (2024) деп аталган далилдүү, маңыздуу китептерди чыгарышты. Акыркы эки эмгекте чыгыш тарыхы менен маданияты дүйнөлүк чабытта каралат. Айталы, Джеймс Проскетт орто кылымдардагы Самарканд, Стамбул (Константинополь), Пекин, Дели, Түштүк Америка, Түндүк Африканын илим мекемелерин кылдат карайт, түрк илимин Осмон кайра жаралуусу (Ренессансы) деп атайт, көбүнчө математика, астрономия, медицина, фармакология, табигый илимдерге басым жасайт. Анын чыгарган тыянагы бул: “Азыркы илим Европада жаралган деген миф жаңылыш гана эмес, зыяндуу да”. Ошондуктан чыгыш элдеринин чоң салымын эске алып, илимди бүткүл адамзаттык кенч катары  баалоо зарыл. Ушул мааниде сөзүмдү өз (кыргыз) элимдин мисалында улантайын.

Кыргыздар  Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң байыркы элдердин катарына кирет. Муну канында немис теги бар академик В.Бартольд 1927-жылы жарыяланган “Кыргыздар” аттуу тарыхый эмгегинде улуу кытай тарыхчысы Сыма Цяндын жазмаларына таянып, “кыргыздар жөнүндөгү маалымат б.з.ч. 221-жылдарда кездешерин” белгилеген. Элибиз 1991-жылы эркин мамлекет болгондон бери кытай окумуштуулары менен болгон алакабыз андан бетер жанданып, алар кыргыз тарыхын дагы миң жылга  ары узарткан даректерди таап, жарыялашты. Бул жазмалар азыркы кыргыз тилине которулуп, жарыяланууда. Экинчи жагынан 19-кылымдын акыр жагында Дания илимпозу  В.Томсен орто кылымдардагы Орхон-Энисей жазма эстеликтерин окуп, чечмелеген. Аларды кайра карап изилдеген орус окумуштуусу С.Малов бир нече китеп жарыялап, ал жазмалар кыргыз тилине жакын экендигин тастыктаган.

Кыргыздардын байыркы эл экендигин өтө бай сөз өнөрү да далилдеп турат. Анда  кадимки аңыздар (миф), эпос-дастандар, жомоктор көп. Алардын эң көрүнүктүүлөрү архаикалык “Кожожаш”, “Эр Төштүк”, баатырлык “Манас” дастандары. “Манас” баяны XVI кылымдын башында жашаган Сайфиддин Аксыкентинин “Тарыхтар жыйнагында” (Маджму атут-таварих) эскерилген. “Манас” дастанынын үзүндүлөрүн 1850-жылдары Чохан Валиханов Ысык-Көлдө жүргөндө жазып алып, кийин Санкт-Петербургда жарыялаган. Кыргыз  оозеки чыгармаларын каны немис академик В.Радлов да 1860-жылы Ысык-Көлдө жазып алып, 1885-жылы Лейпцигде жарыялаган. Ч.Валиханов да, В.Радлов да кыргыз оозеки  чыгармачылыгынын байлыгын, ар түрдүүлүгүн артыкча баалап, казак окумуштуусу “Манасты” тарых жана турмуштук ар кайсы көрүнүштөрдүн “энциклопедиясы” деп атап, байыркы гректердин “Илиадасына” салыштырган. Иш жүзүндө мазмуну, көп катмарлуулугу, көлөмү, аткаруу  чеберчилиги боюнча дүйнө элдеринин бир да эпосу “Манас” үчилтигине теңеле албайт. ЮНЕСКОнун тизмесине кирген бул улуу дастан азыр да ар кайсы тилдерге которулууда, Кыргызстандын өзүндө 100 жылдан бери туш тараптан изилденип, элге кеңири жайылтылууда. Анын атында азыр атайын академия, театр бар.

Орто кылымдардын тарыхында да бир өзгөчө кубулуш (феномен) болгон. Ал караханийлер доорунда (ХI кылым) жаралган эки жазма эстелик – Махмуд Кашгаринин “Түрк сөздөрүнүн жыйнагы” деген илимий эмгеги жана Юсуф Баласагунинин “Кут билими” аттуу ыр менен жазылган дастан поэмасы. Баса белгиленчү нерсе – эки чыгарманын автору азыркы Кыргызстандын аймагындагы Баласагун жана Барскоон шаарларында жашаган, түрк тилинде жазышкан. Аты эле айтып тургандай, “Түрк сөздөрүнүн жыйнагы” ар кыл аталыштагы түрк элдеринин, анын ичинде асыресе кыргыз сөздөрүн, макал-лакаптарын өз боюна сиңирген. Дагы да таң калыштуусу анда Японияны кошуп кеткен дүйнөлүк жер картасы бар.

Юсуф Баласагындын “Кут билими”да кызык. Негизинен башкаруу илимине арналган бул чыгармада философиялык ырлар, астрономиялык түшүнүктөр, чарбачылык, соода жаатындагы баяндар, ар түрдүү ыр курулушу, монолог, диалогдор кездешет. Жалпысынан алганда бул экөө А.Мец атаган “Мусулман кайра жаралуусунун”, С.Ф.Старр айткан “Жоголгон  агартуунун” таасын үлгүлөрү жана ушул сыпатында Борбор Азия чөлкөмүнөн ошол доордо чыккан А.Рудаки, О.Хайям, Г.Низами, Д.Руми, А.Яссави, А.Навои менен жанашат.

Монголдор жана алардан кийин ойроттор чабуулдарынын айынан Түркстан чөлкөмүндө илим жана  маданият кыйла дымып калганы түшүнүктүү. Ошентсе да элдин эсинде өткөн тарых, учурдагы турмуш-тиричилик, коомдук түзүлүш, айлана-чөйрө жөнүндөгү салттуу билим, түшүнүктөр таптакыр унутта калган эмес. Алар оозеки чыгармачылыкта, акындардын ырларында, санжырада, тарыхчылардын баяндарында сакталып, өөрчүп отурган. Алар көбүнчө оозеки жана жазма  негизде болгон.  Буга XVIII-XIX кылымдарда жашаган Калыгул, Арстанбек, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Жеңижок, Токтогул өңдүү залкар акындардын ырлары, Молдо Магзунинин “Фергана элдеринин  тарыхы” күбө.

ХХ кылымдын жөнү бөлөкчө болду. Ал кылымда Кыргызстанда чыныгы илим-билим, маданият пайда болуп, алдыңкы үлгүлөрү дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлдү. Маселен, айрым илимпоздорубуздун ойлоп тапкандары, жасаган аспаптары, дары-дармектери космонавтикада колдонулду. Адабиятта Ч.Айтматовдун ысмы бүт дүйнөгө таанылып, чыгармалары 160тан ашык тилге которулду. Анын “Кассандра тамгасы” романы, С.Эралиевдин “Жылдыздарга саякат” поэмасы чоң кызыгуу жаратты. Кийинки поэма литовец Э.Межелайтистин, казак Олжас Сулейменов менен азербайжан Расул Рзанын космосту даңазалаган чыгармаларына үндөш.

Үстүбүздөгү кылым баарыбыздын алдыбызга өтө чоң сыноолорду коюуда. Азыркы геосаясий оор кырдаал, экономикалык кыйынчылыктар, климаттын кескин өзгөрүп жатышы, пандемиялык коркунучтар, жаңы технологиялардын көз көрбөгөндөй өрчүшү, жасалма интеллекттин улам такымдап озуп жатышы илим менен адабиятты мындан да ыкчам, сапаттуу жана натыйжалуу өнүгүүгө, бири-бирине алакалаш, айкаш болууга чакырат. Түрк дүйнөсү мындай чакырыкка жалпы адамзат менен тең катар татыктуу жооп бере аларына шек жок.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар