Башкы беткеРубрикаларАймактарБаткен шаарында асфальт-бетон чыгаруучу завод ачылат

Баткен шаарында асфальт-бетон чыгаруучу завод ачылат

Баткен шаарында асфальт-бетон чыгаруучу завод ишке берилет. Анын ачылышы 31-август, өлкөнүн эгемендүүлүк күнүн пландалган. Бул тууралуу президенттин Баткен облсунудагы өкүлчүлүгү билидрди.

Маалыматта айтылгандай, учурда ишкана бардык керектүү жабдуулар менен жабдылып, асфальт жана шагыл чыгарууга толук даяр.

«Заводдун иши толугу менен автоматташтырылган. Адистер чоң техникаларды компьютер менен башкарат. Жалпы 30га жакын адам жумуш менен камсыз болот. Ишкана күнүнө 1000 тонна асфальт чыгаруу кубаттуулугуна ээ»,- деп айтылат маалыматта.

Заводду ишке киргизүү үчүн жеке ишкер Тынчтык Курбанбеков 45млн сом инвестиция салган.

Бул завод Баткен облусундагы автожолдорду куруудагы асфальтка болгон муктаждыкты азайтары айтылды.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар