Башкы беткеМаанилүүКР улуттук коопсуздук органдарына байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

КР улуттук коопсуздук органдарына байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты кесиптик жогорку билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоого бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 22-беренеси төмөнкүдөй ченемди караган 9-1-бөлүгү менен толукталды:

Курсанттар (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алардын мыйзамдуу өкүлдөрү) аларды окутууга жумшалган бюджеттик каражаттарды төмөнкүдөй учурларда мамлекетке ордун толтуруп берүүгө милдеттүү:

1) окуудагы жетишпегендиги, тартипсиздиги үчүн, соттолгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билим берүү уюмунан чыгарылганда;

2) алардын демилгеси боюнча окуу мезгилинде же болбосо аскердик окуу жайын аяктаганда аскердик кызмат өтүүдөн баш тартканда.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар