whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.02.2026
0.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүОш шаарында Валентина Терешкова атындагы жатак мектеби ачылды

Ош шаарында Валентина Терешкова атындагы жатак мектеби ачылды

Ош шаарында 720 орундуу №11 Валентина Терешкова атындагы жатак мектептин ачылыш аземи болду. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Россиядан келген өкүлдөр катышты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, мектепке ысымы ыйгарылган космонавт, СССРдин баатыры Валентина Терешкова ачылышка аралыктан катышты. Жатак мектеп миңдеген окуучуларды тарбиялап, өлкөнүн ар кыл тармактарында эмгектенген көрүнүктүү инсандарды чыгарган. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер жана коомдук-саясий ишмерлер бар. Бүтүрүүчүлөрүнүн арасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да бар.

Учурда мектепте көп балалуу, аз камсыз болгон жана оор турмуштук шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары билим алууда.

Жатак мектеп 1963–1964-жылдары курулган жана бүгүн толук реконструкциялоодон өттү.

Гезит

Науру Республикасы

Борбору жок өлкөОкеания аталган, Тынч океандагы аралдарда чакан мамлекеттердин катарына кирген өлкөлөр бар: Гуам, Папау, Маршалл аралдары, Тувалу, Науру ж.б. Бир аймакта жашагандыктан, климаты,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар