Алтындын баасы тарыхта биринчи жолу унциясы үчүн 5000 доллардан ашты

0
9603

26-январда дүйнөлүк биржаларда алтындын баасы тарыхта биринчи жолу унциясы үчүн 5000 доллардык чекти ашты.

Дүйшөмбү күнү эртең менен дүйнөлүк базарларда алтын унциясы үчүн 5029 доллардан сатылды. Эксперттердин айтымында, дүйнөдө туруксуздук күчөгөн сайын инвесторлор салттуу түрдө ишенимдүү актив катары алтынга көбүрөөк көңүл бура баштайт.

Аналитиктер алтындын баасынын өсүшүнө бир нече негизги фактор таасир эткенин белгилешет. Алардын катарында АКШ менен НАТО ортосунда Гренландия маселеси боюнча чыңалуунун күчөшү, ошондой эле Орусия менен Украинанын ортосундагы куралдуу жаңжалдын уланып жатышы бар.

Мындан тышкары, АКШ Канада Кытай менен соода келишимине кол койсо, канадалык импортко 100 пайыздык тариф киргизиши мүмкүн деген билдирүү да алтынга болгон суроо-талапты күчөткөн.

Эл аралык маалымат агенттиктеринин маалыматына ылайык, 2025-жылы алтындын баасы 64 пайызга өскөн. Буга АКШнын акча-кредит саясатынын жумшартылышы, Кытайдын Борбордук банкынын активдүү сатып алуусу жана инвесторлордун баалуу металлдарга болгон жогорку кызыгуусу себеп болгон.

Белгилей кетсек, Орусия дүйнөдөгү ири алтын өндүрүүчү өлкөлөрдүн бири болгону менен, санкциялардан улам анын алтын продукциясынын эл аралык рынокко чыгышы чектелүү бойдон калууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз