whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
22.3 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКүртстан жумушчу партиясы куралсызданганын жана таркаганын жарыялады

Күртстан жумушчу партиясы куралсызданганын жана таркаганын жарыялады

Күрт элинин өз алдынча мамлекетке ээ болушу максатында ондогон жылдар бою Түркияга каршы куралдуу күрөш жүргүзүп келген Күртстан жумушчу партиясы (КЖП) өзүн таркатканын жана куралсызданганын жарыялады. Бул тууралуу уюмга жакын Фират маалымат агенттиги дүйшөмбү күнү кабарлап, ЖМКлар маалыматты тастыкташты.

Түркия, АКШ жана Евробиримдик расмий түрдө террордук уюм деп эсептеген КЖПнын бул чечими аймактагы геосаясий абалга олуттуу таасир этери айтылууда.

КЖПнын мындай кадамы уюмдун негиздөөчүсү жана түрмөдө өмүр бою эркинен ажыратылган лидери Абдулла Ожаландын чакырыгынан кийин мүмкүн болду. Ал жакында уюмду жоюуга жана күрт маселесин тынч, демократиялык жол менен чечүүгө үндөгөн кайрылуу жасаган. Ушул чакырыктын негизинде уюм Ирактын түндүгүндөгү базасында конгресс өткөрүп, таркап кетүү чечимин кабыл алган. Расмий билдирүүдө КЖП “тарыхый миссиясын аткарганын” жана күрт элинин укуктары мындан ары саясий жол менен корголушу керектигин белгилеген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар