Башкы беткеМаанилүү“Программадагылар ишке ашса экспорттук өлкөгө айланабыз”

“Программадагылар ишке ашса экспорттук өлкөгө айланабыз”

Байкадам КУРАМАЕВ, эл аралык мамилелер боюнча эксперт:

– Негизги төрт багыт белгиленген “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү программасы” менен таанышып чыктым. Программа кабыл алынганга чейин бир топ алдын ала шарттар ишке ашкан. Тагыраагы, өлкө башчысы менен Министрлер Кабинети адам ресурсун, жашыл энергетиканы өнүктүргөнгө басым жасай баштаган. Алсак, кытайлыктар менен жалпы 2,8 геговат кубаттуулуктагы Күн электр станцияларын куруу боюнча бир нече келишим түзүлгөн. Бул Токтогул ГЭСинин кубаттуулугунан эки эсе чоң. Эгер бул станциялар 2030-жылга чейин курулуп калса биз электр импорттоочу өлкөдөн электр энергия-сын экспорттоого багыт алган мамлекетке айланабыз. А мунун өзү экономикалык өнүгүүнү 8 пайыздан жогору кармап туруу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Себеби, Афганистан, Пакистанга CАSA-1000 долбоору боюнча электр энергиясын экспорттоо менен биз туруктуу валютага ээ болуп, өлкөнүн ичиндеги ар кандай долбоорлорго каражат жумшоого жетишебиз. Өзүңүздөр билгендей, азыр Кыргызстан ички ресурстар менен гана өнүгүп жатат, бирок, мамлекеттик субсидиялар менен алыс кете албайбыз. Ошондуктан сырткы ивестициялар керек. Андай инвестициялар азыр стратегиялык өнөктөштөрүбүз Кытай, Россиядан Күн, чакан суу электр станцияларын курууга келгени жатат. Программада айыл чарбасын өнүктүрүү да камтылыптыр. Бул да өтө маанилүү. Дан эгиндерин мурда импорттоп келсек, сырткы инвестициялардын эсебинен мүмкүн келечекте өзүбүздү толук камсыздап, сыртка чыгарууга да шарт түзүлөт. Азыр биз сүт өндүрүшү жакшы өнүгүп, сүт, сүт азыктары боюнча экспорттук өлкөгө айландык. Тагыраагы, азыр биз Алматы шаарын сүт менен камсыздайбыз. Андан ары алсак, программада логистикалык хаб камтылган. Бул да өтө жакшы, себеби, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу менен биз Түркменстан аркылуу Каспий деңизине, андан Европага, Иранга, Малайзия өлкөлөрүнө жаратылыш ресурстарын экспорттой алабыз. Темир жолдун курулушу менен Кытай мамлекети менен биргеликте темир жолду бойлото жайгашкан кендерди иштетүү долбоорлору бар. Булар ишке кирсе жаратылыш ресурстарын экспорттоо чыгымы азаят. Ошондой эле биздин Кытай, Тажикстандан чыккан автокоридорлорду куруу планы бар. Бул дагы туңгуюктан чыгууга жардам берет. 6-8 млрд. доллар инвестиция алып келе турган темир жол курулуп бүтсө биз транзиттен жылыга жашыл энергетикага сала турчу 200 млн. доллар таза киреше табабыз. Анан Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан ушул программанын алкагында 2027-жылы Бүткүл дүйнөлүк тоолуу өлкөлөрдүн съездин өткөрөбүз. Бул өзүбүздүн аймакты демонстрациялай турган жакшы аянтча болот.

Программанын дагы бир өзгөчөлүгү, социалдык сектордон башталганы. Акыркы статистикалык маалыматтар боюнча, бюджеттин 53 пайызын социалдык тармактарга жумшайбыз. Бул биздин адам укугун коргоо жаатында туура өнүгүп жатканыбызды кабарлайт. Документтеги дагы бир маанилүү нерсе индустриализация. Кыргызстандын 93 пайыз жери тоолуу болгондуктан, биз айыл чарбалык эмес, өндүрүштүк өлкөбүз. Ошондуктан тоо өндүрүшүн өнүктүрүшүбүз керек. Инвестицияны так ушул тармакка көп тартышыбыз керек. Жакында эркин экономикалык зоналар дагы мекемелерди салыктардан бошотуу тууралуу мыйзамга кол коюлду. Бул кайра эле инвесторлорго түзүлгөн жагымдуу жагдай. Мындан сырткары биз азыр туризмге терең маани берип жатабыз. Жаңы программада туризмдин үлүшү 7 пайыздан жогору болушу керектиги көрсөтүлгөн. Эгер 2030-жылга чейин азыркы курулуштарды куруп бүтсөк туризм үлүшү алда канча жогору болот. Азыр Караколдогу лыжа базасында дүйнөдөгү эң узун лыжа трассалары, беш жылдыздуу отелдер курулуп жатат. Ысык-Көлдү айланта автомобиль жана темир жол курууга мамлекеттик, насыя-лык каражаттар тартылып жатат. Ошондуктан Ысык-Көл облусу туриисттердин негизги бөлүгүн кабыл алган кубаттуу аймакка айланат.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар