Ильич КУЛНАЗАРОВ, журналист:
– Бул программа, экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөрдү камсыздай турган улуттук жол картасы. Анын башкы максаттарынын бири, калктын жан башына туу-ра келген ИДПны 4 500 долларга жеткирүү, жумушсуздукту пайыз деңгээлине түшүрүү жана ИДПнын жалпы көлөмүн 30 миллиард доллардан ашыруу. Ошондой эле өнөр жай, айыл чарба, туризм, логистика жана энергетика тармактарында ири өнүгүү демилгелерин ишке ашыруу көздөлгөн. Программанын биринчи артыкчылыктуу багыты индустриализация. Бул эмне себептен маанилүү? Индустриализация өлкөнүн узак мөөнөттүү экономикалык туруктуулугу үчүн өзөктүү багыт. Биз буга чейин чийки зат экспортуна көз каранды болуп келгенбиз. Эми болсо чийки ресурстарды кайра иштетип, кошумча нарк кошулган продукцияны өндүрүү негизги максат. Мисалы, текстиль, тамак-аш, курулуш материалдары тармагында жаңы завод-фабрикалар ачылат. Ошондой эле, өнөр жай парктары түзүлүп, чет элдик инвестициялар тартылат.
Экинчи багыт – Кыргызстанды регионалдык хабга айлантуу. Бул кандайча ишке ашат? Кыргызстан географиялык жактан чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Прог-раммада биздин өлкөнү Борбордук Азия, Кытай жана Түштүк Азияны байланыштырган логистикалык көпүрө катары өнүктүрүү максаты коюлган. Мисалы, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулса, товар ташуудагы убакыт жана чыгым кыскарат. Ошондой эле бажы инфраструктурасы жаңыланып, транзиттик жүктөрдүн агымы артат. Бул өлкө бюджети үчүн кошумча киреше да болот.
Үчүнчү багыт – айыл чарба жана туризм. Эмне үчүн булар тандалып алынган? Биздин жерибиз таза, элибиз эмгекчил. Айыл чарбада органикалык продукция өндүрүүгө чоң потенциал бар. Программада ирригация системаларын жакшыртуу, мал чарбасын генетикалык жактан жакшыртуу, кайра иштетүүчү цехтерди куруу каралган. Ал эми туризм – биздин улуттук брендге айланышы керек. Экологиялык, этнографиялык жана альпинисттик туризм сыяктуу багыттарды өнүктүрүү менен чет элдик туристтердин агымын көбөйтө алабыз.
Төртүнчү багыт – жашыл энергетика. Бул багыт кандай мааниге ээ? Бүгүнкү дүйнөдө “Жашыл энергетика” келечектин булагы. Кыргызстанда суу ресурстары мол болгондуктан, ГЭСтерди, күн жана шамал энергиясын пайдалануу – экологиялык жактан таза, ошондой эле энергетикалык көз карандысыздыкка жол ачат. Программанын алкагында Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушу артыкчылыктуу долбоор катары көрсөтүлгөн. Бул ишке ашса, өлкө электр энергиясын экспорттоочу мамлекетке айланышы мүмкүн. Жалпылап айтканда, бул төрт багыт Кыргызстанды кандай өзгөртөт деп ойлойсуз? Бул программа стратегиялык жактан алып караганда реалдуу. Эгерде координация жакшы жүргүзүлүп, жоопкерчилик менен аткарылса, Кыргызстан экономикалык көз карандысыз, социалдык туруктуу жана аймакта өз орду бар мамлекетке айланат. Башкысы жарандардын колдоосу жана мамлекеттик органдардын ишенимдүү иши талап кылынат. Бул Улуттук программа жөн гана документ эмес, ал Кыргызстанды жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга багытталган реалдуу кадам. Бул үчүн жалпы коомдун катышуусу жана биримдиги абдан маанилүү.

