Ялкун ДАУТОВ, юрист:
-Бүгүнкү күндө укук коргоо тармагында реформалар, алдыга жылуулар болуп жатат. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын кызматкерлери мыйзамсыз иштерге аралаша турган болсо, аларга катаал жазалар колдонула турганын айтты. Менин оюмча бардык тармакта жасалып жаткан иштер боюнча элдик көзөмөл болушу абзел.
2030-жылга чейин өнүктүрүү программасын ишке ашырууда бир нече сунуштарды айтсак болот. Биринчиден – укук коргоо жана сот органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү. Толук кандуу электрондук кызмат көрсөтүүгө өтсө, адам фактору жоюлат.
Экинчиден – жарандардын аң-сезимин өзгөртүү кажет. Пара берген же алгандар тууралуу далилдер болсо, ар бир жаран дароо эле тийиштүү органдарга маалымат бере тургандай болушу керек. Бул 2030-жылга чейинки өнүктүрүү планын ишке ашырууда ар бир мамлекеттик, муниципалдык кызматкерден тарта карапайым адамдар дагы активдүүлүгүн көрсөтүүгө тийиш.