Башкы беткеСаясат жана коомКоомЧолпон-Атада Кыргызстан-Россия экономикалык форуму башталды

Чолпон-Атада Кыргызстан-Россия экономикалык форуму башталды

14-августта Чолпон-Ата шаарында  Кыргызстан-Россия VII экономикалык форуму башталды. Иш-чараны Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) уюштуруп, форумга 800гө жакын өкүл катышууда.

Ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жана Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин куттуктоо сөздөрүн окуу менен башталды.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев форумдун катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылды. Данияр Амангельдиев өз сөзүндө форумдун тажрыйба алмашууда, биргелешкен демилгелерди иштеп чыгууда жана эки тараптуу жана көп тараптуу байланыштарды тереңдетүүдөгү негизги ролун баса белгиледи.

Ал уюштуруучуларга – Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондуна, эл аралык жана ата мекендик эксперттерге, бизнес өкүлдөрүнө, илимий коомчулукка жана мамлекеттик органдарга – активдүү катышкандыгы жана жемиштүү өз ара аракеттенгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«VII кыргыз-орус экономикалык форуму – бул экономиканы өнүктүрүү, өнөктөштүктү бекемдөө жана өсүү чекиттерин издөө маселелери боюнча конструктивдүү диалог үчүн натыйжалуу аянтча», — деп баса белгиледи Данияр Амангельдиев.

Форумдун программасына ЕАЭБдеги санариптик эгемендүүлүк жана технологиялык кызматташтык темасындагы пленардык жыйын, ошондой эле Петербург эл аралык экономикалык форумунун «Өнөктөштүк экономикасы: өндүрүштү локалдаштыруудан рынокторду кеңейтүүгө» деген темадагы биринчи көчмө сессиясы кирет.

Жыйынтыгында кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюу пландаштырылууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар