whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстанда адал продукцияларга QR-коддор берилери айтылды

Кыргызстанда адал продукцияларга QR-коддор берилери айтылды

Кыргызстанда адал продукцияларга зарыл маалыматтар камтылган QR-коддор ыйгарылат. Бул тууралуу кечээ, 13-майда ЖКнын комитетинде экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Жыйында ЖКнын Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети Экономика министрлигине караган «Адал-индустриясын өнүктүрүү борбору» тарабынан ата мекендик адал продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү, даярдоо, иштетүү, сактоо жана экспорттоо үчүн шарттарды түзүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Чоро Сейитовдун жыйында 2016-2025-жылдар аралыгында азык-түлүк продукцияларын кылдат текшерүүнүн жыйынтыгында 309 сертификат берилгенин жана бул багытта 19 лаборатия иш алып барып жатканын билдирген. Ал ошондой эле керектөөчүлөрдүн коопсуздугу үчүн адал продукцияларга зарыл маалыматтар камтылган QR коддор чыгарыла турганын кошумчалаган.

ЖК депутаты Кундузбек Сулайманов адал продукция боюнча тиешелүү талаптарды аткарбаган сертификат ээлерине кандай чаралар көрүлө турганын сураган.

Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Кайырбеков мындай учурда сертификат жокко чыгарыларын билдирген. Депутат бул чара жетишсиз деп эсептеп, жоопкерчиликти катаалдаштырууну талап кылган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар