Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктары“Крокус Ситидеги” чабуул: Тергөө комитети Украинанын расмий өкүлдөрүн айыптады

“Крокус Ситидеги” чабуул: Тергөө комитети Украинанын расмий өкүлдөрүн айыптады

“Крокус Сити Холлдогу” чабуулга байланыштуу тергөө аяктап, иш сотко жиберүү үчүн прокуратурага өттү. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, иштин жыйынтыгында 19 адам камакка алынды. Алардын көбү Тажикстандын жарандары.

Тергөөнүн версиясына караганда, теги тажикстандык төрт адам — Мухаммадсобир Файзов, Далержон Мирзоев, Фаридуни Шамсидин, Саидакрами Рачабализоду саат 19:00 чамасында миңдей адам концерт көрүүгө келген залга кирип барып, ок чыгарышкан. Теракт учурунда 145 адам каза болуп, ондогону жараат алганы кабарланган. Шектүүлөрдү Брянск облусунан кармашкан.

Төртөө тең «теракт уюштуруу» беренеси менен айыпталып, ар бири 25 жылдан камалышы ыктымалдыгы кабарланган.

Тергөө комитети чабуулду Украинанын расмий өкүлдөрү уюштурганын билдирүүдө. Ал эми Киев ага өзүнүн катыштыгын четке каккан. «Ислам мамлекети» террордук тобу чабуулду уюштурганын билдирген.

Эске салсак, 2024-жылы 22-мартта Москва облусундагы «Крокус Сити Холл» концерттик борборунда теракт болгон. Бул окуядан кийин Орусиянын бийлиги миграциялык мыйзамдарын катаалдаткан.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар