Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 23–24-апрель күндөрү коомдук жайларда никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөн жарандарга түшүндүрүү иштерин улантышты. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Иш-чарага милициянын аял кызматкерлери, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын өкүлдөрү, президентке караштуу Дин иштери жана улут аралык мамилелер боюнча агенттиктин, ошондой эле Ош шаардык казыяттын аял кызматкерлери тартылды.
Аталган күндөрү коомдук жайларда жүзүн толугу менен жаап жүргөн 300гө жакын адам аныкталды. Аларга мыйзамдын талаптары түшүндүрүлүп, атайын китепчелер таратылып, эскертүүлөр берилген.
Буга чейин президент Садыр Жапаров 2024-жылдын январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге жана үймө-үй кыдырып даабат айткан адамдарга 20 миң сом айып пул каралган.
Мындай түшүндүрүү иштеринин алкагында апрель айынын башында Жалал-Абад шаарында, Сузак районунда жана Ош облусунун башка аймактарында да рейддер жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, мыйзамда адамдын жүзүн толук жаап жүрүүсү анын инсандыгын аныктоого тоскоолдук кылган учурларда, мындай адамдар мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге киргизилбеши мүмкүн экени белгиленген.