Абу-Даби шаарында Украина менен Россиянын ортосунда, АКШнын ортомчулугу астында өтүп жаткан үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнү башталды. Бул тууралуу украин делегациясынын башчысы Рустем Умеров билдирди.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөр кечээги форматта уланууда. «Үч тараптуу консультациялар, жумушчу топтордогу талкуулар жана андан кийин позицияларды шайкеш келтирүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазды Умеров.
Сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнү башталганын ТАСС агенттигине маек берген булак да тастыктады. Анын маалыматына ылайык, жолугушууларда экономикалык маселелер, аймактарга байланышкан темалар жана ок атууну токтотуу механизмдери талкууланууда.
Эске салсак, сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнү 4-февралда өткөн. Анын жыйынтыгында Россия же Украина тарабынан расмий билдирүүлөр жасалган эмес. Бирок Рустем Умеров жолугушууну «мазмундуу жана натыйжалуу болуп, конкреттүү кадамдарга жана практикалык чечимдерге багытталган» деп баалаган.
Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдө Россиянын делегациясын РФ Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы башкармалыгынын жетекчиси Игорь Костюков жетектөөдө. АКШ тараптан АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стивен Уиткофф жана анын күйөө баласы Жаред Кушнер катышууда. Украинадан болсо Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров жана президенттик аппараттын жетекчиси Кирилл Буданов өкүлчүлүк кылууда.

