whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
20.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭлчи Орусияга кирүүнүн жаңы эрежелерин түшүндүрдү

Элчи Орусияга кирүүнүн жаңы эрежелерин түшүндүрдү

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежелерди сыноо боюнча эксперименттин экинчи этабында колдонулуп жаткан RUID мобилдик тиркемесин ишке киргизүү боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Дипломаттын айтымында, Россия тараптап алынган акыркы маалыматка ылайык, RUID тиркемеси аркылуу 72 саат мурун билдирүү жиберүү азырынча ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

«Бирок аталган тиркемени алдын-ала толтуруп келсеңиздер, Россияга келгенде телефонго SIM-карта, СНИЛС жана башка документтерди алууда убаракерчилик азаят.

«RUID тиркемесин толтурбай келипсиң» деген негиз менен чек арадан киргизбей койбойт. Эң башкысы — «кара тизмеде» же «көзөмөлдөөчү реестрде» болбошуңуз шарт. Эгерде, аталган тизмелерде болуп калсаңыз, анда Россиянын аймагына кире албай каласыз.

RUID тиркемесин элчиликтин кызматкерлери текшерип көрүштү. Бирок тиркемени толтурууда кыйынчылыктар болууда. Россия тараптын маалыматы боюнча, бул тиркеме жаңы иштелип чыккандыгына байланыштуу, мүчүлүштүктөр болуп жаткандыгын тастыкташты жана жакын арада алар жоюлат деп ишендиришти», — деп айтылат элчинин кайрылуусунда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар