Моджтаба Хаменеинин Ирандын жаңы жогорку лидери болуп дайындалышы өлкөдө катуу саясатты карманган күчтөрдүн таасири күчөгөнүн көрсөтөт. Бул тууралуу бир катар эл аралык аналитиктер билдирүүдө.
56 жаштагы Моджтаба Хаменеи – израилдик аба соккусунан 28-февралда каза болгон мурдагы жогорку лидер Али Хаменеинин уулу. Маалыматтарга караганда, ошол соккудан анын үй-бүлө мүчөлөрү да каза болгон.
Эксперттердин айтымында, жаңы лидер Батыш мамлекеттерине карата катуу позицияны карманып, АКШ жана Израиль менен болгон тирешүүдө артка чегинбейт.
АКШ президенти Дональд Трамп Моджтаба Хаменеи анын үчүн “кабыл алынгыс” талапкер экенин билдирген. Бирок аналитиктердин баамында, жаңы лидердин бийликке келиши Иран бийлиги басымга карабай өз саясатын улантарын көрсөтөт.
Батыш басылмаларынын маалыматына караганда, Ирандагы учурдагы каршы аракеттерде негизги ролду коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку кызматтагы саясатчы Али Лариджани аткарып жатат. Ал аймактагы бир катар аскердик операцияларды координациялап жатканы айтылууда.
Айрым эксперттер Ирандын жооп чараларын «горизонталдык эскалация» стратегиясы деп мүнөздөшөт. Бул – салыштырмалуу алсыз тарап конфликтти кеңейтип, күчтүү атаандашын стратегиясын өзгөртүүгө мажбурлоого аракет кылган ыкма.
Саясий талдоочулардын пикиринде, Моджтаба Хаменеи бийликке келиши Иранда азыркы саясий багыт өзгөрбөй турганын жана өлкө ички туруктуулукту сактоо менен бирге эл аралык аренада каршылыкты улантарын көрсөтөт.

