Туруктуулук жана ички коопсуздук экономикалык ийгиликтин негизги шарты

0
24580

Республикалык кеңешмеде сүйлөгөн сөзүндө Садыр Жапаров мамлекет мекен коргоочуларын ар тараптуу жана татыктуу колдоого милдеттүү экенин белгиледи.

Президенттин айтымында, акыркы беш жыл ичинде өлкөнүн күч түзүмдөрүндө кеңири масштабдагы реформалар жүргүзүлдү. Улуттук коопсуздукту жана укук тартибин бекемдөө, Куралдуу күчтөрдү модернизациялоо багытында болуп көрбөгөндөй чаралар ишке ашырылды.

Анын сөзүнө караганда, материалдык-техникалык база олуттуу жаңыланып, заманбап курал-жарактар, атайын техникалар, учкучсуз учуучу аппараттар, чалгындоо жана байкоо каражаттары, жогорку тактыктагы коргонуу системалары, ошондой эле заманбап транспорттук жана байланыш каражаттары жүздөгөн миллиард сомго сатып алынган.

Мындан тышкары, коопсуздукту камсыз кылган кызматкерлердин социалдык коргоосу түп-тамырынан өзгөргөнү айтылды. Аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын айлык маяналары үч эсеге жогорулатылган. Ал эми Баткен облусунда аскердик жүктөм жана тобокелдик жогору болгондуктан, айлык акы 4,5 эсеге көбөйтүлгөн.

Президент туруктуулук жана ички коопсуздук экономикалык ийгиликтин негизги шарты экенин баса белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз