Башкы беткеСаясат жана коомКоомАрапбек Абдыгулов: "Мамлекеттик ишканаларды реформалоо зарыл"

Арапбек Абдыгулов: «Мамлекеттик ишканаларды реформалоо зарыл»

Жакында Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы жарыяланып, эринбей көз жүгүртүп чыктым.

Элдин эсинде болсо керек, өткөн жылдын акыркы айында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жол аталган мамлекеттик докторина кабыл алынган. Учурда жер-жерлерде аны түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. 1-2-3-Элдик курултайдын делегаттары тарабынан конкреттүү  көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору сунушталган Программа Курултайдын катчылыгы тарабынан иреттелип, Президентибиз Садыр Жапаров бул документтерге аны жүзөгө ашыруу үчүн кол койгон. Улуттук программа ошол документтердеги максаттарды ишке ашыруунун рыноктук учурдагы иш мерчемдери деп билсек болот.

Эми программаны канткенде турмушка ашырсак деген маселеге келсек, аны ишке ашыруу үчүн бардык негиз, өбөлгөлөр бар. Өткөн 3  жылда эң оболу саясий стабилдүүлүк орноду. Чек ара маселеси чечилди. Эл аралык мамилелер жөнгө салынып, дипломатиялык багытта мыкты иштер аткарылууда. Өндүрүш өнүгүү багытына алды. Канчалаган социалдык объектилер курулуп, калкка кызмат кылууда. Программа ошону андан ары багыттоочу документ.

Анда мамлекетти башкарууну реформалоо боюнча багыттар да ачык айкын жазылган. Бирок, биздин мамлекеттик мекемелердин жетекчилери рыноктук талапка ылайык интенсивдүү иш алып бара албай жатышат. Маселен, калкка кызмат көрсөтүп, пул тапкан Калкты тейлөө борбору, Архитектурадагы акы алып документтерди  даярдоочу мекеме жана Мамлекеттик каттоо ишканасы өздөрүндө башкаруу багытында реформа жүргүзсө жакшы болмок. Бул мекемелердеги кезек күтмөй, айлап документтерди жасабай убара кылган фактылар жоюлбады.

Ошондой эле мигранттардын аягын суюлтуш үчүн чакан ишканалардын өнүгүшүнө көңүл бурулса. Аял кишилерди сыртка чыгарбоо үчүн жеңил өнөр жайына, айрыкча чакан тигүү цехтери колго алынса.

Айрыкча, аял кишилердин сыртка агымын токтотуу үчүн жасалган аракеттер ыкчам ишке ашырылса. Жеңил өнөр жайына көңүл бурулса, айрыкча аял кишилер жумуш менен камсыз болушмак. Бул энелердин сыртка агымын азайтмак. Аны чечүүнүн бир жолу – чакан тигүү цехтерин өнүктүрүү максаттуу, аз пайыздык кредиттер менен колдоо зарыл.

Коррупция менен күрөш дагы тереңдеп уланышы керек. Бул багытта Программада конкреттүү жазылган. Албетте, улуттук программа Кыргыз мамлекетибиздин күчтүү болуп өнүгүүсүн жана жарандардын бардар, бейгам жашоосун камсыздоону максат кылат. Документтин ишке ашышына, эң негизги таяныч болгон жергиликтүү бийлик башындагылар окуп чыгып, анын маани-маңызын түшүнсө жакшы болот эле.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар