Камерундун 1982-жылдан бери башкарып келе жаткан президенти Поль Бийя быйыл ноябрда өтө турган шайлоого кайрадан катышарын жарыялады. Эгер шайлоодо жеңип чыкса жана ден соолугу тоскоол болбосо, ал сегизинчи мөөнөтүн аяктап жатканда 99 жашка толот. Мындай узак убакыт бою жана мындай куракта бийликте турган мамлекет башчысы дүйнөдө азырынча болгон эмес.
Президент өз чечимин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирип, аны мекендештеринин жана диаспора өкүлдөрүнүн көп сандагы кайрылуулары менен негиздеди. Ал элди оор кырдаалда таштабастыгын белгилеп, «менин кызмат кылууга болгон чечкиндүүлүгүм өлкө алдында турган чоң милдеттерге шайкеш келет» деп жазды.
Бирок Бийянын бул билдирүүсүн салттуу телерадио аркылуу эмес, интернетке текст түрүндө гана жарыялашы анын ден соолугу тууралуу күмөн ойлорду кайрадан жандантты. Былтыр күзүндө ал алты жума бою коомчулукка көрүнбөй калган. Ошол учурда президенттин ден соолугу тууралуу сөз кылууга Камерундагы ЖМКларга тыюу салынган. Азыр андай расмий тыюу жок, бирок 92 жаштагы Бийя быйыл дагы шайлоо өнөктүгүн алыстан жүргүзүшү мүмкүн экенин байкоочулар белгилешүүдө.
Саясий атаандаштык чектелген, оппозиция кысымга алынган шартта, Бийянын жеңиш жетүүсү техникалык гана маселе катары каралат. Поль Бийя өзүнүн ысымын дүйнөлүк тарыхка болбосо да, жок дегенде Гиннесстин рекорддор китебине киргизүүгө ниеттенип жатат.
Камерунду 1960-жылдан бери болгону эки президент башкарган. Бийянын алдындагы президент Ахмаду Ахиджо кызматтан кетүүнү аскерий төңкөрүш аркылуу эмес, татаал саясий сүйлөшүүлөрдүн негизинде кабыл алган. Ошондон бери өлкөдө бир да ийгиликтүү аскердик төңкөрүш болгон эмес.
Аймактагы көпчүлүк өлкөлөрдөй эле Камерун да социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн арылган эмес. Жакырчылык, коррупция, уруучулук жана демократиялык эркиндиктердин чектелиши бул өлкө үчүн деле көнүмүш көрүнүш. Ошентсе да, Камерунда узак мөөнөттүү авторитардык туруктуулук өзүнчө бир феномен катары кабылданып келет.
Эгер Поль Бийя шайлоодо жеңип чыгып, толук мөөнөтүн өткөрө алса, ал 99 жашында да мамлекет башында кала турган дүйнөдөгү эң кары жана эң узак башкарган президент катары тарыхта калат.

