whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
31.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКениянын борборунда демонстранттар менен полиция кагылышты

Кениянын борборунда демонстранттар менен полиция кагылышты

Найробиде өткөн нааразылык акцияларында 8 киши мерт болуп, 400дөн ашууну жаракат алды. Анын ичинен 83 киши оор абалда ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу France-Presse (AFP) агенттиги куткаруу кызматтарына шилтеме берүү менен кабарлаган.

Маалыматка ылайык, былтыр июнь айында болгон антиөкмөттүк нааразылык акцияларынын жылдыгына карата эскерүү акциялары өтмөк. Алгач бул иш-чаралар тынч өтмөк, бирок абал көзөмөлдөн чыгып кеткен. Демонстранттар менен полициянын ортосунда катуу кагылышуулар орун алган.

Тартип сакчылары көздөн жаш агызуучу газ колдонууга аргасыз болуп, мамлекеттик мекемелерди тикенек зым менен тосуп салышкан. Айрым маалыматтарда полиция ок атуучу курал колдонгону да жазылууда.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 25-июнда салыктын жогорулашына каршы ири демонстрациялар уюштурулуп, 60тан ашуун адам каза болгон.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар