Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында гуманитардык жардам таратылган борбордун жанында Израилдин танкалары ок чыгарганы тууралуу маалыматтар тарады. BBC дарыгерлерге жана күбөлөргө шилтеме берип, окуядан кеминде 26 адам каза болуп, 150дөн ашыгы жараат алганын кабарлады.
Би-Би-Синин Газадагы кабарчысы Мухаммед Гарииб танкалык аткылоо маалында борбордун жанында миңдеген палестиналыктар чогулганын билдирген. Жергиликтүү журналисттер жана активисттер окуя болгон жерден таркаткан сүрөт, видеолордо кыйроо жана дүрбөлөң тартылган учурлар чагылдырылган.
Израил армиясы бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.
Рафахтагы окуя ХАМАС тобу АКШ сунуштаган барымтадагы адамдарды бошотуу жараянына байланыштуу шарт койгондон кийин болду. ХАМАС Израилдин түрмөлөрүндө камакта жаткан палестиналыктарды бошотууну талап кылып, 10 туткунду кайтарууга, дагы 18инин сөөгүн өткөрүүгө даяр экенин билдирген.
АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф бул шарттарды «аткарууга мүмкүн эмес» деп сыпаттап, Израил да аны кабыл алган жок. Бирок Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху анын өкмөтү Уиткофф сунуш кылган ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу планын колдогонун билдирген.
Документте согушту толук токтотуу талабы болбогону менен, тараптар узак мөөнөттүү тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого милдеттүү экени айтылган. Макулдашууда АКШ, Египет жана Катар ок атышпоого кепил болору белгиленген.
Израил армиясынын маалыматына ылайык, ХАМАСтын колунда азыр 50гө чукул адам бар, алардын 21и гана тирүү болушу мүмкүн.
Газадагы гуманитардык кырдаал андан ары начарлап жатат. Израил март айында убактылуу жарашуудан чыгып, тилкени толук блокадага алган. Жакында гана чектелген көлөмдөгү гуманитардык жүк киргизүүгө уруксат берилгенине карабастан, ачарчылык коркунучу күч бойдон калууда.
Согуш 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилдин түштүгүнө чабуул жасап, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган. Андан бери Израил баштаган аскердик операцияларда 54 миңден ашуун адам каза болгонун Газадагы Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирүүдө.
19-майда Израил ЦАХАЛ армиясы анклавдын түндүгү жана түштүгүндө жердеги ири масштабдагы операция башталганын жарыялаган. Газа тилкеси күн сайын абадан жана кургактан аткылоого кабылып келет.