Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаКытайда Кыргызстандан экспорттолгон эгиндер үчүн көзөмөл кампасы ачылды

Кытайда Кыргызстандан экспорттолгон эгиндер үчүн көзөмөл кампасы ачылды

Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу округуна караштуу Улуу-Чат шаарында ири көзөмөлдөөчү кампа ачылды. Анын аачылыш аземине айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Кампаны кыргызстандык «Бай Дыйкан» ишканасы менен Кытай мамлекеттик корпорациясы биргеликте курган. Долбоорго 8,3 млн доллар инвестиция жумшалган.

Көзөмөл кампасы «Торугарт» жана «Эркечтам» чек ара өткөрмө пункттары аркылуу өткөн жүктөрдүн агымын жөнгө салып, Кытайдын «Иркештам» кургак порту менен байланыштырат.

Көзөмөл кампада заманбап фитосанитардык жана карантиндик лаборатория, складдар менен ангарлар, кошумча текшерүүгө муктаж товарлар үчүн карантиндик зона, бажы процедуралары жүргүзүлө турган посттор, ошондой эле продукцияны кайра иштетүү жана таңгактоо үчүн атайын бөлүнгөн зоналар бар. Кампа жылына 1 млн тоннадан ашуун продукцияны кабыл алуу дараметине ээ.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар