whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.03.2026
8.6 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАКШ ЮНЕСКО уюмунан кайра чыга турган болду

АКШ ЮНЕСКО уюмунан кайра чыга турган болду

Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттарын Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемесинен (ЮНЕСКО) чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди.  

Чечим Трамп администрациясынын 90 күндүк текшерүүсүнөн кийин кабыл алынды. Ак үйдүн өкүлдөрү ЮНЕСКОнун саясатын «антиамерикалык», «антиизраилдик» жана «кытай тараптык» деп баалашкан. Мындан сырткары, алар уюмду коомду бөлүп-жарган жана АКШнын улуттук кызыкчылыктарына каршы чыккан программаларды колдоп жатат деп айыпташты.

Ак үй ЮНЕСКОнун расизмге каршы күрөш, гендердик теңчилик жана инклюзия боюнча иш-аракеттерин сындап, мунун баарын «акылга сыйбагандык» деп атады. ЮНЕСКО мүчөлүгүнөн чыгуу чечими жакын арада расмий жарыяланары күтүлүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемеси (ЮНЕСКО) 1945-жылы 16-ноябрда түзүлгөн.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар