Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нуриддин Исмоилов менен 25-июнда жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги, парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүү маселелери талкууланды.
Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушууларынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруудагы парламенттердин ролун жогору баалашты.
Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нуриддин Исмоилов Өзбекстандын парламенттик ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, кыргыз-өзбек парламенттер аралык диалогду улантууга даяр экенин баса белгиледи. Ал мындай кызматташтык эки элдин ортосундагы достукту жана ынак коңшулаштыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.
Өз кезегинде элчи Дүйшөнкул Чотонов кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык деңгээлдеги динамикалуу өнүгүп жатканын айтып, Олий Мажлистин жетекчилиги тарабынан парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын канааттануу менен белгиледи.
Ал эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы байланыштарды жакшыртуу, анын ичинде делегациялардын иш сапарларын алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.