Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков иш сапары менен Ош облусуна барып, бир катар унаа жолдорунда жүрүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин абалы менен таанышты.
Иш сапардын алкагында ал Ош–Кара-Суу унаа жолун, Кара-Суу шаарындагы Х.Юлдашев көчөсүн, Алай районунун Гүлчө айылындагы Алымбек Датка көчөсүн жана Пад–Будалык–Көбүргөн унаа жолун жеринде карап чыкты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүү, ошондой эле жумуштарды ылдамдатуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Маалыматка ылайык, Ош–Кара-Суу унаа жолунун оңдолчу бөлүгү 18,7 чакырымды түзөт. Жол төрт тилкелүү болуп, туурасы 12ден 15 метрге чейин кеңейтилет. Ал эми Гүлчө айылындагы Алымбек Датка көчөсүнүн узундугу 4,5 чакырым болуп, ал дагы төрт тилкелүү жол катары курулат.
Мындан тышкары, Пад–Будалык–Көбүргөн унаа жолунун долбоорун тез арада аяктап, курулуш иштерин баштоо тапшырмасы коюлду. Ошондой эле Кара-Суу шаарындагы чек ара өткөрүү пункттарына алып баруучу жолдордун абалы каралып, аларды куруу иштерин баштоо зарылдыгы белгиленди.


