whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиев өкмөт мүчөлөрүн шайлоого аралашпоого чакырды

Адылбек Касымалиев өкмөт мүчөлөрүн шайлоого аралашпоого чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөт мүчөлөрүнө жана Президенттин администрациясынын кызматкерлерине кайрылып, шайлоо процесстерине аралашпоого чакырды.

Анын кайрылуусун Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасында жарыялады.

“Шайлоого аралашпагыла! Эгер кимдир бирөө шайлоодо жакындарына жардам бергиси келсе, анда кызмат ордун тапшырып берип, андан кийин гана шайлоого катышсын”, — деп айтылат кайрылууда.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

Буга чейин, 28-апрелде, президент “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жаңы конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлүп, ар биринен үчтөн депутат шайланат. Талапкерлердин кеминде бири аял болушу шарт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар