whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыБУУ Кыргызстандын өлүм жазасын кайтаруу аракеттерин токтотууга чакырды

БУУ Кыргызстандын өлүм жазасын кайтаруу аракеттерин токтотууга чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк Кыргызстандын бийлигин өлүм жазасын кайтаруу боюнча аракеттерди токтотууга чакырды. Ал мындай кадам эл аралык укукту бузуу болуп саналарын эскертти.

“Мен Кыргызстандын бийлигин өлүм жазасын кайтарып алуу боюнча сунуштардан баш тартууга, анын ордуна мыйзамдуулукту сактоого, сот адилеттигин жана жабырлануучулардын укуктарын коргоого көңүл бурууга чакырам. Зомбулукка, анын ичинде сексуалдык зомбулукка каршы комплекстүү чаралар көрүлүшү зарыл”, — деди Фолькер Түрк.

БУУнун жогорку комиссары өлүм жазасын киргизүү демилгеси Кыргызстан алган эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин жана анын оор кылмыштарды алдын алууда натыйжалуу экенин далилдеген фактылар жок экенин белгиледи.

Ал ошондой эле сот системасындагы катачылыктардын айынан айыбы толук далилденбеген адамдар да өлүм жазасына тартылып калышы мүмкүн экенин эскертти.

Буга чейин жети эл аралык уюм Кыргызстандагы өлүм жазасын калыбына келтирүү демилгесин кескин сындап, андан баш тартууга чакырган.

2025-жылдын 16-октябрында “Адилет” укуктук клиникасы да билдирүү таратып, өлүм жазасын Баш мыйзамга киргизүү Кыргызстандын бир катар эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин белгилеген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар