Башкы беткеМаанилүүКөз карандысыздыктын калыбына келиши

Көз карандысыздыктын калыбына келиши

Мындан 35 жыл мурда, 1990-жылы 15-декабрда Кыргызстан Республикасынын Жогорку Совети “Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик суверенитети жөнүндө декларация” кабыл алган. Бул эң маанилүү тарыхый окуя, укуктук жана саясий акт, идеологиялык жеңиш, моралдык жоопкерчилик, шыктандыруучу кадам.

Суверенитет тууралуу ушул бийик актыга таянып, 1991-жылы 31-августа “Көз карандысыздык жөнүндө” Декларация кабыл алынат да анын биринчи беренеси Кыргызстанды эркин, көз карандысыз мамлекет деп жарыялайт.

Мааракеге утурлай дагы бир керектүү нерсени айтуу зарыл. Дүйнөлүк тажрыйбага кайрылалы. Монако княздыгы (фр. Principauté de Monaco) Франциянын протекторатында, Италиянын, Сардиниянын ж.б. түркүн мамлекеттердин курамында болуп келди, суверенитетинен ажырап, бир нече мамлекеттин карамагына өттү. Бирок Эгемендик күнү деп тээ 1297-жылдын 8-январы эсептелет. Мындай мисалдар тарыхта жетиштүү. Эми Европанынын жөнү башка дечүлөр чыгат. Анда кечээки СССР курамынан чыккан Эстонияны алалы. Бул мамлекет көз карандысыздык 1991-жылы 20-августа калыбына келди деп эсептейт. Анткени Эстониянын көз карандысыздыгы 1918-жылы 24-февралда жарыяланган. Эстония орто кылымдардагы княздыктардын, мамлекеттик түзүлүштөрдүн, анын ичинде Эстляндиянын мураскору, демек эгемендик, көз карандысыздык буга чейин болгон, СССР кыйрагандан кийин кайра калыбына келди деп эсептелинет. Дүйнө да ошентип мойнуна алат.

Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин, алар курамына кирген империялар кыйраган соң Литва, Латвия, Эстония, Азербайжан сыяктуу өлкөлөр өз алдынчалыгын жарыялаган. Алар ошол датага көз карандысыздык күнү, ал эми СССР кулагандан кийинки өз алдынчалык жарыяланган күндү эгемендик кайра калыбына келген күн катары мамлекеттик майрам, расмий дата деген юридикалык, саясий аныктама беришкен. Дүйнө да ушул аныктама менен эсептешет. Башка өлкөлөр аталган мамлекеттерди эгемендиктин калыбына келген күнүңөр кут болсун деп куттукташат. Адегенде мамлекет өзүнүн расмий майрамын өзү аныктап, өзү аташ керек. Сырт дүйнө бул жагдайды тааныйт. Абалтадан эреже ушундай.

Көз каранды эмес мамлекет ар бир өлкө, анын жарандары үчүн эң ыйык баалуулук, баарынан улук майрам, кымбат күн. Улуттук майрамдын анабашы – эркин мамлекет деп жарыяланган күн, Көз карандысыздык күнү. Эгемен мамлекет ар бир улуттун түбөлүк максаты, тынымсыз күрөшү, кыял-тилектеринин туу чокусу. Эркиндик – бул акыл таймаш, кан төгүлгөн кармаш, карандай эмгек, эрк күрөшү, журт талаш, эл талаш, жер талаш, бакыт талаш аламан жарыш.

Айрыкча ушу тапта мамлекеттердин суверенитети өзгөчө сыноого туш болуп, эл аралык укук системасы ырааттуу иштебей, дүйнөлүк тартипке доо кетип, атаандаштык курчуп туру. Ушундай опурталдуу шартта мамлекеттер өз алдынчалыгын, суверенитетин иш жүзүндө камсыздоо үчүн эбегейсиз күч жумшоого мажбур. Кыргыз бийлиги муну абдан жакшы билет. Президент Садыр Жапаров жана анын үзөңгүлөштөрү жаңы саясий архитектурага негизделген күчтүү мамлекет курууга системалуу аракеттерди жасап жатат.

Конституциялык реформа бийликтин табиятын жана түзүлүшүн өзгөртүп, жоопкерчилигин күчөттү, бийликтин вертикалын чыңдады, чечимдерди кабыл алуу механизмин жакшыртты. ªлкөбүздө экономикалык ири өзгөрүүлөр жүрүүдө, улуттук мега долбоорлр ишке ашууда. Экономика ургаалдуу өнүгүүдө. Коомдо туруктуулукка басым жасалууда. Эл аралык аренада көп багыттуу жана прагматикалык тышкы саясат тандалып алынды. Элдин мамлекеттик бийликке ишеними жогорулады. Ошентип, өлкөбүздө жаңы саясий доор башталды.

Көз карандысыздык күнү ар жылы бир күнү белгиленчү катардагы майрам эле эмес. Эркин мамлекет болуу ичте жана тышта сыймык, анын жаранына укуктук кепилдик жана өлкөгө эл аралык мамилелердин субъектиси болуу жоопкерчилиги. Суверенитет курулай сөз эмес. Ѳлкөнүн суверенитети ар бир кырдаалда жаралмагы анык чоң сыноо, ар күнү ар бир мамлекеттин мандайынан чыккан түйшүк, керек болсо ар бир жарандын тагдырында чындап сынала турган машакат. Маселен, мамлекет өз атуулунун укугун коргой алса, кызыкчылыгына шек келген учурларда шайкеш жооп кайтарса, суверенитетине доо кетпейт, агер өз жаранын ай талаада калтырса, анда суверенитетине шек жаралат, мамлекетке ишеним кемийт, кадыры түшөт.

31-августу Көз карандысыздык күнү, көп учурда Эгемендик күнү деп белгилеп келебиз. Аныгында “көз карандысыздык” деген аныктама “эгемендикке караганда” туура жана так. Быйыл “Көз карандысыздык жөнүндө” Декларация кабыл алынганына 34 жыл толот. Тарыхый жана укуктук позициядан караганда бул дата шарттуу эсеп, хронологиялык формалдуулук, башкача айтканда тарыхый чындыкты жана укуктук жагдайды толук чагылдырбайт. Биз өз алдынча мамлекет курган, мамлекеттүүлүк тарыхы узак, суверенитетке тарыхый укугун ишке ашыра алган байыркы элдин көз карандысыздыгынын калыбына келиши тууралуу кеп кылышыбыз керек.

Демек 31-августту кыргыз мамлекетинин суверенитетинин жана көз карандысыздыгынын жаңы шартта, жаңы мазмунда калыбына келиши деп атаганыбыз саясий, укуктук, идеологиялык жактан, эӊ негизгиси, тарыхый өӊүттөн да туура болмокчу.
Тарыхый шанс ар бир элге ар дайым берилбейт. XXI кылым чейрегинен ооп калганда кыргыз мамлекетин бекемдөө, жакшы, бардар турмушка акысы бар элибиз татыктуу жашагыдай өлкө куруу милдети турат. Бул биз өткөнгө шылтаганга, келечекке оодара салганга акыбыз жок, ушул жерде жана азыр аткарууга тийиш бийик миссия.

Алмаз Окин

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар