Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-августта Бишкек шаарында жаңыдан курулган электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборунун ачылышына катышты.
Жалпы аянты 4,7 гектарды түзгөн борбордо оңдоо жайлары, административдик имарат, көмөкчү бөлмөлөр жана кубаттоочу инфраструктура жайгашкан. Комплекс бир эле учурда 150 автобусту тейлей алат.
Мамлекет башчысы бул долбоорду шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө, коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана экологияны жакшыртууга багытталган маанилүү кадам деп атады.
Ошондой эле ал акыркы эки жылда газ менен жүрүүчү 1000ден ашык автобус сатып алынганын, Бишкектеги эски «2-депо» толугу менен реконструкцияланып, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен алынган 120 жаңы электробусту кубаттоого ылайыкташтырылганын белгиледи.
Президент айдоочуларды айдоо маданиятын сактоого чакырып, жүргүнчүлөрдү коомдук транспортту жана айдоочулардын эмгегин урматтоого үндөдү.
Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров жаңы депо менен таанышып, электробус жана кайрадан жасалган автобуска түшүп жол жүрдү.

