Баткенде республикалык семинар жана «Акыл Майдан» интеллектуалдык таймашы өтөт

17-апрелде Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 35 жылдыгына арналган республикалык семинар өтөт.

Иш-чара Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулууда. Семинардын алкагында президент Садыр Жапаровдун «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктик» доктринасынын негизинде ишке ашырылып жаткан «Акыл Майдан» интеллектуалдык долбоору да өткөрүлөт. Долбоор Жогорку Кеңештин төрагасынын фонду тарабынан колдоого алынган.

Интеллектуалдык таймашка Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан мыкты командалар катышат. Ар бир команда эки айыл өкмөт башчысынан, бир жергиликтүү кеңештин төрагасынан жана үч муниципалдык кызматкерден түзүлөт.

Жеңүүчүлөр үчүн акчалай сыйлыктар каралган: биринчи орунга — 200 миң сом, экинчи орунга — 150 миң сом, үчүнчү орунга — 100 миң сом берилет. «Акыл Майдан» долбоору катышуучулардын интеллектуалдык деңгээлин, стратегиялык ой жүгүртүүсүн, тез чечим кабыл алуу жөндөмүн жана командалык иштөө маданиятын өнүктүрүүгө багытталган.

Иш-чара Суу-Башы айыл өкмөтүндө өткөрүлүшү анын «Мыкты айыл өкмөт» сынагында жеңүүчү болгону менен байланыштуу.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз