Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЖапон премьери партиялаштарына белек бергени үчүн саясий жаңжалга кабылды

Жапон премьери партиялаштарына белек бергени үчүн саясий жаңжалга кабылды

Япониянын премьер-министри Сигэру Исибы Либерал-демократ партиясынын ондон ашык мүчөлөрүнө 100,000 иен (670$) турган белек сертификаттарын тапшырган. Бул тууралуу Nippon басылмасы жазды.

Оппозиция өкүлдөрү Ишибанын аракеттерин кескин сынга алып, кырдаал анын кызматтан кетишине алып келиши мүмкүн экенин айтышууда.

13-мартта, Ишиба белек сертификаттары таратылганын моюнга алып, кечирим сурады.

Буга жооп катары Конституциялык-демократиялык партиянын генералдык катчысы Огава Жуня: «Бул кызматтан кетүүнү талап кылууга алып келиши мүмкүн болгон олуттуу маселе»,-экенин айтты.

«Эл үчүн» Демократиялык партиясынын лидери Тамаки Юичиро «Эгер ал мыйзамды бузса, анын премьер-министр болуп калышы кыйын болот» деди.

Коомчулук партиясынын теңтөрагасы Сейджи да журналисттерге: «Бул “пара” катары кабыл алынганы таң калыштуу эмес”-деп оюн билдирген.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар