Аймактардагы инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү иштери уланууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев баштаган делегация Нарын жана Ысык-Көл облустарында иш сапары менен болуп, аймактардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жеринде талдады.

Иш сапардын алкагында инфраструктураны жакшыртуу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана “жашыл экономиканы” өнүктүрүү багытындагы долбоорлор негизги артыкчылыктуу багыттар катары белгиленди. Маалым болгондой, бул иштер Садыр Жапаровдун демилгеси менен жүргүзүлүп, ар бир аймактын экономикалык потенциалын ачууга жана ишке ашуучу долбоорлорду түзүүгө багытталган.

Буга чейин Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында да ушундай жолугушуулар өтүп, жергиликтүү ишкерлерге инвестиция тартуу жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча практикалык колдоо көрсөтүлгөн. Учурда өлкө боюнча 200гө жакын ири долбоорду ишке ашыруу пландалып, энергетика, туризм, өндүрүш, билим берүү жана медицина тармактарына өзгөчө көңүл бурулууда.

Адистердин баамында, аймактарда жеринде жүргүзүлүп жаткан мындай иштер инвестиция тартууга өбөлгө түзүп, региондордун туруктуу экономикалык өсүшүнө шарт түзөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз