Мал союучу жайларда жана мал базарларында видеобайкоо системасы кеңейтилүүдө

0
3123

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан мал союучу жайларда жана мал базарларында ветеринардык коопсуздукту камсыздоо максатында видеобайкоо системасын киргизүү иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

Учурда республика боюнча:

  • 54 мал союучу жайда,
  • 5 мал базарында,
  • Москва районундагы 1 ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясында (ВСЭЛ)

видеобайкоо камералары орнотулган.

Бүгүнкү күндө мал базарларында жана мал союучу жайларда жалпы 23 видеокамера активдүү иштеп, жүргүзүлүп жаткан процесстерди туруктуу көзөмөлдөп турат.

Мындан тышкары, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы видеобайкоо тармагында тажрыйбасы мол Dahua компаниясынын адиси менен биргеликте кошумча 37 камера орнотуу жана аларды толугу менен Ситуациялык борбордун системасына интеграциялоо маселесин иштеп чыгууда.

Министрлик 11 айдын жыйынтыгы боюнча аткарылган иштер тууралуу маалыматтарды коомчулукка мындан ары да үзгүлтүксүз түрдө сунуштай турганын билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз