Күн мурун Кыргызстандын демилгеси менен Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты куруу комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Жыйын Германиянын төрагалыгы астында өтүп, анда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселелерин эл аралык укуктун чегинде, тынчтык жолу менен жөнгө салуудагы жетишкендиктер жогору бааланды.
Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев өз сөзүндө Борбор Азия эң татаал жана тарыхый маселелерди да диалог, өз ара ишеним жана саясий эрк аркылуу ийгиликтүү чечүүгө болорун далилдегенин белгиледи.
Комиссиянын жыйынына БУУга мүчө 80ден ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышып, жетишилген макулдашууларды мамлекет башчыларынын саясий эркинин жана дипломатиялык жетилгендигинин үлгүсү катары мүнөздөштү.
Сапардын алкагында Асеин Исаев БУУнун Коопсуздук кеңешинде өткөн “Тынчтык үчүн лидерлик” темасындагы жыйынга да катышып, Кыргызстан тынчтыкты, туруктуулукту жана диалогду илгерилетүүгө бекем ниетте экенин дагы бир жолу ырастады.


