Кытай Япониянын Тайвань боюнча билдирүүсүнө кайрадан нааразылык билдирди

БУУдагы Кытай Эл Республикасынын туруктуу өкүлү Фу Цун Япониянын премьер-министри Санаэ Такаитиден Тайвань тууралуу айткан сөздөрүн артка кайтарууну кайрадан талап кылды. Бул тууралуу ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин эл аралык ЖМКлар жазышты.

Эске салсак, ноябрь айында Япония парламентинин комитет жыйынында Санаэ Такаити Тайвандын айланасында аскердик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жаралса, бул Япониянын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратышы мүмкүн экенин айткан.

Фу Цун бул билдирүүнү Кытайдын ички ишине мыйзамсыз кийлигишүү деп атап, Тайвань Кытайдын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгиледи. Анын айтымында, Пекин бул маселеге байланыштуу БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке эки ирет расмий кат жөнөткөн.

Өз кезегинде Япониянын БУУдагы туруктуу өкүлү Ямадзаки Кадзуюки Кытай тараптын дооматтары негизсиз экенин айтып, Токио диалог жолу менен сабырдуу мамиле жасоону уланта берерин билдирген.

Аталган маселе Кытай–Япония мамилелеринде Тайвань темасынын канчалык сезимтал экенин дагы бир ирет көрсөттү.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз