Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Каир шаарында Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилиги ачылат. Чечим эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, билим берүү жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү максатында кабыл алынды.
Министрлер Кабинетине Тышкы иштер министрлигинин штаттык санын 5 бирдикке көбөйтүү, элчиликтин ишин уюштуруу жана каржылык камсыздоо маселелерин чечүү тапшырылды. Ошондой эле тиешелүү чечимдерди Жарлыкка ылайык келтирүү каралган.
Маалыматка ылайык, элчиликтин ачылышы Мисирде жана Түндүк Африканын коңшу өлкөлөрүндө жүргөн 3 миңге жакын Кыргызстандын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүүнү жакшыртат.
Жарлык расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирип, 2026-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт. Бул кадам Кыргызстандын Африка континентиндеги тышкы саясатын активдештирүүгө, дипломатиялык катышуунун географиясын кеңейтүүгө жана тышкы байланыштарды диверсификациялоого өбөлгө түзөт.


