Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстандан АКШга 75 тонна кургактылган мөмө-жемиш экспорттолду

Кыргызстандан АКШга 75 тонна кургактылган мөмө-жемиш экспорттолду

2025-жылдын башынан бери Кыргызстандан Америкага 75 тонна кургатылган мөмө-жемиш экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 

Мөмө-жемиштерди Баткендеги «Алтын-Аймак» ишканасы экспорттогон.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндө жайгашкан «Алтын-Аймак» ишканасы кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө багытталган заманбап ишкана болуп саналат. Ишкана суткасына 10 тонна өндүрүш кубаттуулугуна ээ.

Ишкана эки негизги цехтен турат: күндүн энергиясын колдонуп, чийки продукцияны тез жана сапаттуу кургатуу, ошондой эле кайра иштетүү жана таңгактоо линиялары. Сезондо ишкана эки сменада 40-50 жумушчу менен иштеп, жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзүп жатат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар