2026-жылдын 25-мартында кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы сапарлардын негизги параметрлерин даярдоо жана макулдашууга бурулду.
Мындан тышкары, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле биргелешкен демилгелерди илгерилетүү аркылуу соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү боюнча практикалык кадамдар каралды.
Ошондой эле тараптар аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Жыйынтыгында министрлер кыргыз-өзбек кызматташуусун мындан ары тереңдетүүгө жана активдүү саясий диалогду улантууга өз ара даяр экенин тастыкташты.

