Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушту жөнгө салуунун жолун табууга жана Владимир Зеленский менен ыктымал жолугушууга даярдыгын билдирди.
Ошол эле учурда ал олуттуу чегинүүгө даяр экенин айткан жок жана Зеленскийди Москва легитимдүү президент катары тааныбай турганын дагы бир ирет кайталады.
Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Путин азыркы куралдуу жаңжалды гана токтотпостон, келечекте ушундай кырдаал кайра кайталанбашы үчүн да чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи.
Путин мындай билдирүүнү Киевде болгон аба соккусунан каза болгондордун саны 28ге жетип, 150дөн ашуун киши жарадар болгон учурда жасады. 17-июнга караган түнү жасалган чабуул турак жайдын бир подъездинин урап калышына алып келген.
Associated Press агенттигинин кабарчысынын бул тууралуу суроосуна жооп берип жатып, Путин бутага аскердик заводдор алынганын айтып, мындай соккулар улана турганын билдирди. Анын айтымында, башкы максат — Украинаны демилитаризациялоо.
Ошондой эле Путин 22-июндан кийин Киев менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо боюнча кеңешүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
Зеленский болсо бул чабуулду “ачыктан-ачык терроризм” деп сыпаттап, ага Путинди күнөөлөдү.