whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстан климаттык процесстердин алкагында тоо күн тартибин илгерилетүүдө

Кыргызстан климаттык процесстердин алкагында тоо күн тартибин илгерилетүүдө

Бонн шаарында (Германия Федеративдүү Республикасы) БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын алкагында Бонн конференциясынын 62-сессиясы башталды.

Конференцияга Кыргызстандан Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Динара Кемелова катышууда.

Делегациянын катышуусунун негизги максаты – тоолуу аймактардын көйгөйлөрүнө жана тоо экосистемаларын коргоого дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу, климаттык процесстердин алкагында тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча тоолуу өлкөлөрдү жана өнөктөштөрдү консолидациялоо, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу аймактарга зыяндуу таасирин азайтуу.

Кыргызстандын делегациясы климат боюнча мурда кабыл алынган милдеттенмелерди адаптациялоого, аткарууга арналган бир катар сессияларга катышып, ошондой эле эл аралык консультацияларды өткөрүүдө.

Кыргызстан менен Андорранын демилгеси менен түзүлгөн, курамына 11 мамлекет кирген Тоо шериктештигинин сүйлөшүү тобунун биринчи расмий жолугушуусу маанилүү окуя болду. Жолугушуунун жүрүшүндө Тоо шериктештиги тобунун негизги документтери каралып, тоо маселелерин БУУнун климат боюнча органдарынын чечимдерине, программаларына жана иш пландарына киргизүүнүн келечеги талкууланды.

17-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Атайын өкүлү Кемелова COP-30 Президенти Андре Аранья Корреа ду Лаго мырза менен жолугушту. Тараптар Бразилиянын Белен шаарында өтө турган COP-30га даярдык көрүүнүн алкагында аймактар аралык жана глобалдык деңгээлдеги климаттык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын тоо күн тартибиндеги негизги демилгелери, анын ичинде Жогорку деңгээлдеги “Глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясынын (2025-жылдын 24-25-апрели, Бишкек) жыйынтыктары жана артыкчылыктары, ошондой эле 2024-жылдын 5-июнунда өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Бонн нонференциясынын 60-сессиясынын алкагындагы Тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча тарыхый эксперттик диалогунун жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

Бул маселелер Кыргызстандын Президентинин Атайын өкүлүнүн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын Аткаруучу катчысы Саймон Стил менен жолугушуусунда да талкууланды.

18-июнда Кыргыз Республикасынын делегациясынын Адаптациялык фонддун жетекчиси Микко Оллыкайнен менен жолугушуусу болду. Анда кызматташуунун келечеги жана климаттык долбоорлорду илгерилетүү, атап айтканда, климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирин азайтуу үчүн Кыргызстандын адаптация жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар