Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда, Тажикстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Дүйшөмбү шаарында тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду.

Маалыматка ылайык, монумент «Дусти» аянтында орнотулган жана улуттук биримдикке арналган мемориалдын борбордук бөлүгү болуп саналат.
Комплекс 1999-жылы Саманид державасынын 1100 жылдыгына карата ачылган жана Тажикстандын тарыхый мурасынын жана эгемендүүлүгүнүн улантуучулугун символдоштурат.