whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: “Нарк куржун”

Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: “Нарк куржун”

Кыргыз наркы – нечен жоболоңдон сакталып, жоголуп кеткиче жомокко айланып, эненин эбеденинен эмчек сүтүнө сиңип, бешик башына тумар болуп тагылып, термелген сайын бешик күүсүнүн ыргагына көөшүгөн улуулук. Найзанын учуна тепчилип кетпей, кылыч мизине кесилип кетпей, ташка салса сынбаган, кылымдан-кылым тынбаган бийиктикке айланып, эл ишениминен, элдин үмүтүнөн боюна эбегейсиз кубат жыйнаган асылдуулук. 

Кыргыздын байыртадан бери укумдан-тукумга көчмөн калктардын уюткусу катары келип жеткен нарк-насилибиз, каада-салттарыбыз, тарбиялык таалими зор баяндар, уламыштар тууралуу Сүйүнбек Касмамбетовдун уңгулуу кептеринен жарыялайбыз.

(Башталышы өткөн санда)

Түптүү кыргыз журтунан далай даанышман, кайраттуу, баамчыл, асылкеч айымдар чыккан. Мындай мыкты салт татыктуу улантылып, буюрса, азыр дагы арабыз бош, уучубуз куру эмес. Аялзат биз үчүн – кеменгер эне, сүйүктүү жар, күйүмдүү карындаш, жароокер кыз. Аларсыз өмүр өтөлгөбүз өксүк, дүйнөнүн бир өңүрү бөксө болмок.

Эл ичинен Каныкейдей даанышман эне, Айчүрөктөй асылкеч жар, Кыз Сайкалдай эр мүнөз, Жаңыл Мырзадай жаагер, Курманжандай кайраттуу адамдар чыккан. Мындай жөрөлгөлүү, бир эсе көрөңгөлүү мыкты салтты кийинчерээк Уркуя, Бүбүсара, Зууракан, Керимбүбү, Күлүйпа, Бакен, Таттыбүбү сындуу кыргыз айымдары улантып келишкени маалым. Кудайга шүгүр, азыр дагы арабыз бош, уучубуз куру эмес. Алардын ар бири эркектанага тең болбосо да, эч жеринен кем болгон эмес.

Кылымдар кыйырын белчесинен басып келаткан кыргыз эли эзелтеден аялзатына өзгөчө кадыр-барк менен мамиле жасаган, мээримин төккөн, кастарлап келген.

Манасчы

Илгери калайман салган чабыштардын биринде алп денелүү, баатыр мүнөздүү, кара байрак ат минген Түлөкө деген манасчыбыз калмактардын колуна түшүп калат. Манасчы экенин душмандарыбыз билбейт, баягы эр мүнөздү ортого алып алышып: «кандай эрдигиң бар, кандай өнөрүң бар, найза саясыңбы, айбалта чабасыңбы?» дейт экен. Ошондо Түлөкө баатыр үч күн бою калмактын ханынын жүрөгүн түшүрүп, денесин куш эт кылып, найзанын учун жылтылдатып, адамдын башын кылкылдатып, карагай найза өңөртүп, көк темирдей көгөртүп, көк чекесин чойкойтуп, сыр найзасын койкойтуп улам күчөп айтканда таптакыр денеси үшүп, «ой, токтоткула, буларга кабылып тукум кор кыла турган алыбыз жок. Алдына ат тарткыла, үстүнө чепкен жапкыла» деген экен. «Манас-тын» күчү менен душманынын жүрөгүн түшүрүп, «Манастын» күчү менен үрөйүн учуруп, коркутуп Түлөкө эсен-соо кайткан экен.

***

Туу кандоо, болгондо да адам канына кандоо… Жоокерчилик замандын үрөй учурар жөрөлгөсү бул. Кол салып, басып, багындырчу айылдын биринчи кезиккен адамын курмандыкка чалып, анан гана согуш ачышкан экен бир кезекте душмандар. Бул ирет курмандыкка чалынчу адам айтылуу манасчы Түлөкө болгон. Миз бакпаган душмандын ташбоор жосунун алдын-ала туйган Түлөкө кыргыз жерин басканга даярданган душманга бекер жерден өлүмгө чалынгысы келбей, кыргыздын кыраан эл экендигин, нечендеген жоо колунан Манас-тай баатырлар бар болгону үчүн жеңилбегендигин, катылгандын катыгын берерин айтат кызыктуу баянга айлантып. Нөшөрдөй төгүлгөн жаандай саптар душмандын да дилин козгоп, кызыгын арттырат. Күн тогошуп түнгө, түн кайра күнгө айланып баратканын сезбейт душман. Манасчы кызып айтат, кирген дайрадай күрпүлдөп, коргошундай эрип, бүлкүлдөп айтат манасчы «Манасын». Ошондо айыл четинде эле жалгыз түтүн Түлөкөнүн айбатын, ажалга тике карап, өлүм алдында да жанбаган кайратын көрүп колун артка кайрып, кыргызга кыянатын салбай кеткен экен. Бул окуя – өнөрдөгү өлбөстүк, бул – көркөм сөздөгү эрдик. Баатырдыктын кара сөзгө батпастыгын, караөзгөйлүк адам дилине жакпастыгын, кайрат менен акыл, өнөр көөдөндө бекер жатпастыгын далилдеген Түлөкө манасчы! Уңгусу терең, учу бийик «Манасты» жараткан элге таазим!

Кыргыз табериги

Маданият – адамзат акылынан жаралган укмуштай жаркын ойлордун, чыныгы даанышмандыктын алтын казынасы десек эч жаңылышпайбыз. Мекендештерибиз өзүнүн кылымдар кыйырын кезип азыркы күнгө чейин наркын бузбай жашап келаткан көөнө маданиятын, ата-баба салтын сактап, аны заман талабына жараша өркүндөтүүсү зарыл. Ошондо элдик өнөр эл үчүн кызмат кылат.

(Уландысы бар)

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар