whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.02.2026
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүБишкекте U-23 олимпиадалык курамалар арасында эл аралык футбол мелдеши өтөт

Бишкекте U-23 олимпиадалык курамалар арасында эл аралык футбол мелдеши өтөт

17–23-июль күндөрү Бишкек шаарында футбол боюнча U-23 олимпиадалык курамалар арасында эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.

Мелдешке катышуучулар –Кыргызстан, Оман, Бахрейн, Сирия.

Оюндар Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо жана «Достук Арена» футбол клубунун стадионунда (Беш-Күңгөй) өтөт.

Турнирге оюн-зоок жана концерттик иш-чаралар коштолот:

  • Башкы байге — чет өлкөгө эс алууга жолдомо
  • Акысыз балмуздак жана аквагрим
  • Балдар үчүн оюн зоналары
  • Фудкорт жана даамдуу тамактар
  • Сахнага: Султан Садыралиев, Нурайым Акылбекова жана башка артисттер чыгат

Оюндун программасы :

  • 17-июль
    20:00 – Оман vs Бахрейн («Достук Арена»)
    20:00 – Кыргызстан vs Сирия (Өмүрзаков стадиону)
  • 20-июль
    20:00 – Сирия vs Бахрейн («Достук Арена»)
    20:00 – Кыргызстан vs Оман (Өмүрзаков стадиону)
  • 23-июль
    20:00 – Оман vs Сирия («Достук Арена»)
    20:00 – Кыргызстан vs Бахрейн (Өмүрзаков стадиону)

Маалымат үчүн:  мелдеш — быйыл 1–9-сентябрда Бишкекте өтө турган Азия кубогунун (U-23) тандоо турунун алдындагы даярдык болуп саналат. Анда Кыргызстандын жаштар курамасы E тайпасында Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка менен ойнойт.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар