Башкы беткеМаанилүүПрезиденттик аппаратта мушташ, мектеп рэкети, буллинг маселеси талкууланды

Президенттик аппаратта мушташ, мектеп рэкети, буллинг маселеси талкууланды

Президенттин администрациясында министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында мектеп рэкетчилигинин, бейбаштыктын жана жашы жете электердин арасындагы башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелерине арналган видеоконференц-байланыш форматында кеңешме болуп өттү.

Жыйынга тармактык министрликтердин жетекчилери, президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын социалдык сектор боюнча орун басарлары катышты.

Талкуунун негизги темасы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, анын ичинде рэкетчилик, зордук-зомбулук, коркутуу жана башка мыйзамсыз аракеттердин көбөйүшүнүн тынчсыздандыруучу тенденциялары болду.

Минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул маселени чечүүдө комплекстүү мамиле жасоонун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, укук бузган жашы жете электер психологиялык жактан жабыркашы мүмкүндүгүн эске алуу зарылдыгын белгиледи.

«Балдарды коргоо биздин жалпы милдетибиз. Биз өсүп келе жаткан муундун коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ишти күчөтүшүбүз керек», — деп баса белгиледи Эдил Байсалов.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдарына жер-жерлерде ушундай эле отурумдарды уюштуруу жана жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштиктүү чараларды иштеп чыгуу тапшырылды.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар